Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:26

ИШТЕГЕН БИРӨӨ - ТЕКШЕРГЕН ЭКӨӨ


Өткөн жылы отузга жакын мамлекеттик мекемелердин текшерүүгө кеткен чыгымдары 68 миллион сомду түзгөн. Мамлекетке болгону 1 миллион ашуун сом акча кайтарылган. Коррупцияга кенен жол ачкан ыксыз текшерүүлөрдү азайтып, текшерүүчү менен салык төлөөчүнүн жоопкерчилигин күчөткөн экономикалык мыйзамга кол коюлуп, ал ишке киришкени турат. Адистердин айтуусунда, жаңы мыйзам коррупциянын тизгинин тартууга өбөлгө түзмөкчү.

Салык кеңешчилери палатасынын башчысы Татьяна Кимдин ырасташынча, ыксыз текшерүүлөрдүн натыйжасы азырынча көрүнө элек. Ойлонтчу нерсе, оголе көп текшерүүлөрдөн мамлекетке ополтоодой пайда түшпөгөнү, салыкка түшчү акчанын көбү текшерүүчүнүн чөнтөгүнө кетиши.

- Азыр салык инспекциясында 160 миң – 170 миң чарба жүргүзчү субъекттер катталган. Жылына анын 15 миң, 17 миңи текшерилет. Башкача айтканда, чарбалык субъекттердин 10% гана текшерилет. Текшерүү болсо боло турган күндүн алдында гана белгиленет. Бул салык төлөөчү менен текшерүүчүнүн ортосунда коррупциянын пайда болушуна мүмкүндүк түзөт.

Текшерүүчүлөрдүн санын азайтуу максатында депутат Өмүрбек Бабанов мыйзам жазып, ага жакында президент К.Бакиев кол коюп берди, ал 3 айдан тартып күчүнө кирет. Өмүрбек Бабановдун айтымында, ыксыз текшерүүлөрдү токтотуп, салык төлөөчү менен текшерүүчүнүн жоопкерчилигин күчөткөн жаңы мыйзамдын чыгышы менен эле «көмүскө экономика» коңулдан чыгып, жашоо-турмушубузга майкөл-сүткөл орноп калбаса да, кызмат эсебинен капчыгын кампайтып жүргөндөргө тоскоол коюлмакчы.

- Текшерүүчүлөр деле ишкерлер сындуу эле жоопкерчилик тартышат. Компания момунча акча төлөш керек, мынчасы убагында төлөнбөгөнү үчүн деп койгон кинеси сотто далилденбесе ал текшерүүчү иштен алынып, үч жылга чейин андай кызматка алынбайт. Ошон үчүн ал кайсы бир компания же ишкердин кемчилин издештен мурда аны сотто далилдей алар-албасын ойлоно баштайт.

Ө.Бабанов салык төлөөчүлөрдү текшерүүгө кеткен чыгымдардын 5% гана мамлекетке кайтарыларын маалымдады.

Кыргызстан ишкерлер биримдигинин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун айтуусунда, кийинки кездери текшерүүлөр өтөле күчөп кеткен.

- Пландуу текшерүү, пландан сырткары текшерүү, контролдук текшерүү сыяктуу бир канча түрлөрү бар. Мына ошол шылтоолор менен текшерүүлөр күчөп, учурунда ишкерлердин көбү кыйнала баштаган. Бул бираз кечигибирээк кабыл алынган мыйзам болду.

Белгилүү ишкер Улан Рыскелдиев салыктарды убагында төлөп, өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп жаткан байлардын тизмесин жарыялап, аларга деле азыноолок коомдук көңүл бурулса артыкбаш болбос эле деген пикирде.

- Кээ бирөө коррупция, тигиндей-мындай дешет. Бирок биз баарыбыз төлөп жатабыз да. Ким акча төлөп жатса ага аябай ырахмат деш керек. Анткени, көп кишилер ишенбей, өкмөткө акча төлөбөйт. «Көмүскө экономика» деп коебуз. Акчаны ал конркет бир кишиге төлөп коет да, ошону менен жүрө берет. Ошон үчүн салыкты жакшы төлөгөн кишилерге медаль бериппи, «Даңк» бериппи, иши кылып, белгилеп коюш керек. Жок дегенде, мен айтар элем, бир жылдын бир күнү К.Бакиев ишкерлерди чогултуп, жөн эле «ырахмат» деп айтып койсо жакшы болор эле.

Ыксыз текшерүүлөрдү азайтуу жөнүндөгү маанилүү экономикалык мыйзамга улай жаңы Салык кодексин кабыл алуу зарылдыгы айтыла баштады.

XS
SM
MD
LG