Улуттук университетте ШКУга байланыштуу илимий жыйын өткөрүү демилгесин уюмга мүчө өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтери, Тышкы иштер министрлиги жана аты аталган окуу жайдын жетекчилиги көтөрүп чыгышты. Жыйында доклад окушкан уюмга мүчө өлкөлөрдүн элчилери ШКУ жана анын жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат беришти. Байкоочулардын баамында мындай иш-чаралар акыркы убактарда бул чөлкөмдө таасирин арттырууну каалаган Орусия, Кытай жана АКШ сыяктуу күчтүү мамлекеттердин тымызын тирешүүсүнүн жыйындысы болуп саналат.
Мамлекеттик катчысы Адахан Мадумаровдун айтымында, Кыргызстандын ар тараптуу өнүгүшү үчүн ШКУ мыкты шарттарды түзөт:
- ШКУ бул өтө уникалдуу, ар тараптуу биримдик болуп саналат. Уюм алдына чөлкөмдө гана эмес дүйнө жүзүндө да стабилдүүлүк менен коопсуздукту орнотуу максатын койгон. Андан тышкары бул уюм өз ара достуктун бекемделишин чыңдайт. Ошондой эле уюмда ар бир мүчө өлкөнүн кызыкчылыктары эске алынат. Ошол себептүү Кыргызстан бул уюм менен ар тараптуу өнүгүүгө жетсе болот.
Ал эми Улуттук университеттин ректору Ырысбек Өмүрканов, ШКУнун Бишкекте өтө турган саммитине миңдеген студенттер кызыгып, буга байланыштуу студенттик жыйындар да өтүп жатканын айтты. Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрзак Өзбеков болсо, жыйында ШКУ тууралуу мындай деди:
- Казакстан, эларалык өтө маанилүү структура болуп калган ШКУга мүчө болгонуна чоң маани берет. ШКУнун максаттары менен аткара турган иштери Казакстандын кызыкчылыктарына толук жооп берет.
Ошоной эле жыйында террорчулукка каршы күрөшүү, маң заттарынын өндүрүлүшүнө бөгөт коюу жана экономикалык алакаларды бекемдөө маселелери айтылды. Тажикстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Махмуджан Сабировдун айтымында, ШКУ Ооганстан тараптан келүүчү коркунучтарды алдын алууда да чоң калканч болмокчу. Ооганстанда өндүрүлгөн апийимдин өлчөмү АКШнын аскердик операцияларынан кийин да төмөндөбөгөнүн айткан Махмуджан Сабиров, ал жактан келүүчү ушул сыяктуу коркунучтарга уюм бөгөт коюшу керектигине токтолду:
- Ооганстан апийим өндүрүү боюнча негизги өлкө боюнча калып жатат. Ал жакта дүйнөдөгү апийимдин 87 %ы өндүрүлөт. Статистикалык маалыматтар боюнча апийим талаалары жылдан жылга чоңоюп баратат. Көптөгөн адистер АКШнын антитеррордук операцияларынын башталышы менен апийим өндүрүү азайат дешкен эле. Бирок, иш жүзүндө андай болгон жок.
“Замандаш” ассоциациясынын президенти Жума Абдуллаев, чындап эле акыркы учурларда ири державалар Орто Азияда өзүнүн таасирин күчөтүүгө аракет кылып келатышканын, ал ар кыл багытта, ар кандай форматта ишке ашып жатканын ырастады:
- Чынында эле ири державалар Орто Азияда өзүнүн таасирин күчөтүү боюнча жумуштарга акыркы мезгилде активдүү кирише башташты. Дегеле бул аракеттер эч качан тынган эмес. Орусия акыркы убакта күчүнө кирип, экономикасы өсүп, өз таасирин күчөтө баштаганына жооп кылып, батыш, айрыкча АКШ бул чөлкөмдөгү саясатын күчөтө баштады.