Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

АКШ жана Орусия президенттери жолугууда


Чоң Сегиздин саммити учурундагы эки тараптуу жолугушууну утурлай бүгүн айткан сөзүндө президент Буш АКШнын Европада ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын жайгаштыруу пландарына карата Орусиянын кооптонуусун басаңдата аларына ишеним билдирип, бул маселеде өтө эле тынчсыздануу керек эместигин белгиледи. АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Польша менен Чехияда жайгаштыруу планына Орусия катуу каршы чыгууда. Орус президенти Путин мурдараак эгер Вашингтон бул планын ишке ашырса, Орусия өз ракеталарын Европаны көздөй кайрадан багытташы мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG