Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

18:55 Жалалабат облусунда селден айыл-кыштактар жабыркады


Нөшөрлөгөн жамгырдан кийин Аксы районундагы Койташ айлында эки көпүрө зыян тартты. Анын бири былтыр АРИС программасынын колдоосу менен курулган. Райондун Ташкөмүр-Каражыгач жолунун кыргагына курулган арыктардан ашкан сел Дардакдөбө айылындагы 12 турак-жайдын тактай түптөрүн басып калган, турак-жай курууга ажыратылган 15 жер аянтын каптаган. Сел Жалалабат шаарындагы Октябрское көчөсүндөгү бир үйдү кыйроо абалына келтирип, экинчи үйдү керектен чыгарган. Мындай маалымат 7-июнда Чукул кырдаал министрлигинин облустагы бөлүмүнөн алынды. Бөлүмдүн маалыматы боюнча селден Алабука районундагы бир нече кыштактар жабыр тартты. Сузак районундагы мурда сел баскан Кызылсеңир каналын тазалоо иштери жүрүп жатат. Ага эки техника тартылып, алты чакырымдай жер тазаланган. (YA)

XS
SM
MD
LG