Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Чоң Сегиздин лидерлери булганыч газдардын абага бөлүнүшүн олуттуу кыскартуу боюнча маанилүү мунасага жетишти


Бул тууралуу саммиттин конок ээси-Германия канцлери Ангела Меркел жарыялады. Бирок Чоң Сегиздин лидерлери кандайдыр бир конкреттүү цифраларга милдеттеме албагандай. Анткен менен Немец канцлеринин билдиргенине караганда, Чоң Сегиздин өлкөлөрү Германиянын 2050-жылга карата газ калдыктарын бөлүнүшүн 50%га кыскартуу сунушун карап көрүүгө макул болду. Мындай планга АКШ каршы чыккан эле. Чоң Сегиздин саммиттинде бүгүн расмий сүйлөшүүлөрдүн алгачкы күнү. Анда глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү маселесинен тышкары Сербиянын Косово провинциясынын болочок статусу жана Ирандын өзөктүк программасы жөнүндө да сөз болот. Чоң Сегиздин саммитине ошондой эле миңдеген антиглобалисттер да жыйыналды. Полиция бүгүн 300дөй демонстрантты камакка алды, аларга каршы суу бүркүгүчтөрдү колдонду.

XS
SM
MD
LG