Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:07

Орусия президенти АКШга Азербайджанда ракетага каршы радар базасын биргелешип пайдаланууну сунуш кылды


Мындай сунуш эки өлкө президенттери Владимир Путин менен Жорж Буштун Германиянын Хайдилгендамм шаарында Чоң Сегиздин саммити учурундагы бүгүнкү эки тараптуу жолугушуусу учурунда айтылган. Бүгүнкү кездешүү АКШнын Европада ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын жайгаштыруу планынан улам эки өлкөнүн мамилеси чыңалган учурда өттү. АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Польша менен Чехияда жайгаштыруу планына Орусия катуу каршы чыккан эле. Орус президенти Путин мурдараак эгер Вашингтон бул планын ишке ашырса, Орусия өз ракеталарын Европаны көздөй кайрадан багытташы мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG