Рахат Алиевге Венада кылмыш иши козголгонун Казакстан полициясынын өкүлү ырастады.Маалымат жыйынында жарыя кылынган маалыматтарга ылайык, 2003-жылы Алиев Австрия банктарында жеке өзүнө же өзү башкарган компанияларга бир нече эсеп ачкан. Аларда канча акча бар экенин ички иштер министрлигинин өкүлү так айткан жок, бирок евро жана доллар эсебинде алганда бир нече миллионго жетерин билдирди. Австриянын тергөө органдары Алиевдин Казакстандагы жеке байлыгы канча экенин тактап берүүнү өтүнүп, Астанадагы тийиштүү мекемелерге кайрылышты. Казакстандын өзүндө да Алиевге банк чөйрөсүндө аксымдыктарды жасаган, айрым адамдарды карматып келип, алардын жарнактарын опузалап өзүнө жаздыртып алган деген аныктамалар менен иш козголгон.
Президент Нурсултан Назарбаев кечээ интернет аркылуу калктан түшкөн суроолорго жооп берип жатып,күйөө баласына байланышкан окуяны кыйгап өткөн жок. Бул иштин сотко жеткирилишин агылгалап байкап турарын айтып, Назарбаев коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу мыйзамды сунуш кылып жатканда калкка кайрылып, кокус арамдыгы билинсе эч кимге,анын ичинде өз жакындарына, досторуна да ырайым болбой турганын эскерткенин белгиледи. ”Ошол айтканыма турам. Бизде эми “мыйзам алдында баары тең” деген принцип айныбай иштей баштады”, - деп баса көрсөттү Назарбаев.
Президенттин мындай позицисы Казакстандагы эң белгилүү жана абройлуу адамдардын кызуу колдоосун тапты. Академиктер,атактуу жазуучулар,маданият ишмерлери жабыла президент эл кызыкчылыгын жеке мүдөөсүнөн жогору койгондугун белгилеп жатышат. Алардын бири атүгүл “өлкөдөгү он беш миллиондой калк, анын ичинде он миллион казак эли өз тагдыр-таалайын алды менен Алла Таалага, андан кийин эле президент Назарбаевдин колуна тапшырганын” жазып чыкты.
Саясий байкоочулар болсо Венада Алиевге кылмыш иши ачылганын аны Казакстанга кайткыс кылганы атайын жасалган кыйды иштей көрүшөт. “Нагыз Акжол” партиясынын Астанадагы төрагасы Валихан Кайсаровдун айтымында, Австриянын бийликтери Алиев сегиз фирма ачып,банкка миллиондоп акча салып жатканда түк эчтемеден шексинбей, эки-үч күндөн бери эле капыл-тапылдан апалаң түшүп калганында бир мандем бар сыяктанат. Ал эми Алматыдагы Европа институтунун директору Марат Башымов Австрияда ачылган кылмыш иши барып-келип эле Алиевдин пайдасына чечилет дейт. Баарыдан мурда Австрияда анык сот адилеттиги бар, Алиевдин күнөөсү жок болсо,аны Казакстандагыдай ак жерден айыпка жыгып салбайт. А кокус соттолуп кетсе, Башымовдун айтымында, Австриянын түрмөлөрүндө Казакстандагы жаза өтөө жайларына салыштырганда бейиштей эле шарты бар.