АКШ өкмөтү жарыялаган бул программага кирүүнүн шарттарынын 43% аткарылганы 7-июнда болгон жыйында белгиленди. Ал жыйын президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловдун төрагалыгы астында өтүп, ага Жогорку Соттун төрагасы, башкы прокурор, ички иштер министри, АКШнын Кыргызстандагы элчиси жана башка расмий кызматкерлер катышты. Долбоорго кирүү үчүн сот системасынын натыйжалуулугу, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияны кыскартуу боюнча шарттар аткарылыш керек. (AiT)