Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:36

Алманиянын Хайлигендамм шаарында дүйнөлүк саммит аяктады


Алманиянын Хайлигендамм шаарында эки күнгө уланган дүйнөлүк саммит кечээ күнү аяктады жана ага катышкан эң өнүккөн сегиз мамлекеттин жетекчилери Иранга кайрылып, аны - уран байытуу иштерин токтотууга чакырды жана Африканын Судан мамлекетиндеги кыргынды басуу үчүн Бириккен Улуттар чечкиндүү чара көрүүгө тийиш деп билдирди. Африка өлкөлөрүндөгү СПИД жана башка ооруларга каршы аракеттер үчүн бардыгы болуп 60 миллиард доллар бөлүнмөй болду. Саммит учурунда британ премьер-министри Тони Блэр орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, Орусиядагы демократиянын чектелип жатканы жөнүндө тынчсыздануусун айтты. Путин болсо жыйындын жабылышында - Орусиядагы шайлоо жараяндарына сырттан эч ким кийлигишпеш керек деп эскертти. 7-июнда дүйнө жетекчилери аба ырайынын ысышына каршы чара көрүү жөнүндө макулдашкан.

XS
SM
MD
LG