Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:52

Европа Кеңеши жашыруун абактар боюнча Польша менен Румынияны күнөөлөөдө


Европа кеңеши кечээ күнү атайын отчет чыгарып, АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги Польша менен Румыниянын аймагында жашыруун абактарды ачып, аларды пайдаланган жана бул эки мамлекеттин өкмөттөрү ага көмөктөшкөн деп билдирди. Иликтөөнү швейцариялык сенатор Дик Марти жетектеген комиссия жүргүзгөн. Отчетто - Польша менен Румыниянын мурдагы президенттери Александр Квасневски менен Ион Илиеску жана Румыниянын азыркы президенти Траян Басэску жоопко тартылууга тийиш деп да айтылат. Сенатор Мартинин айтымында, Алмания менен Италиянын жетекчилиги анын ишине тоскоолдук түзгөн, Польшанын аймагындагы абакта болсо "ал-Каила" террордук уюмунун белгилүү мүчөсү Халид Шейх Мухаммад кармалган. Польша менен Румыния өкмөтү аларга коюлган күнөөнү четке каты.

XS
SM
MD
LG