Астана шаарында өтүп жаткан бул иш чарага Ооганстандын, Казакстандын, Пакистандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышууда. Аскерий күчтөрдүн бириккен командачылыгынын өкүлү Джим Энтонинин айтымында, машыгуулар жаратылыш кырсыктарын ликвидациялоо, террорчулукка, экстремизмге жана маңзаттарга каршы күрөшүү багыты боюнча өтүп атат. 1-июнда башталган бул окуулар 15-июнга чейин болот.
Буга чейин мындай окуулар 2004-жылы АКШда, 2005-жылы Германияда, өткөн жылы Кыргызстанда өткөн. (MSu)
Буга чейин мындай окуулар 2004-жылы АКШда, 2005-жылы Германияда, өткөн жылы Кыргызстанда өткөн. (MSu)