Жетинчи облус тууралуу жана Баткен мамлекеттик областтык администрациясынын аткарып жаткан ишин чагылдырган бул аймактык интернет портал өкмөттүк доменде ачылып, аны каржылык жактан Евро комиссия колдоого алды.
«Баткен чекит гов» интенет порталы бир катар баракчалардан туруп, облус тууралуу кеңири маалыматтарды өзүнө камтыйт. Интернет ресурстун ачылышы коомчулукта ар кыл ойлорду жаратууда. Алардын эң эле шекшүү жаратканы, долбоордун бюджетин түзгөн 300 миң евро өлчөмүндөгү каражат.
Өзүн интернет сайттарды жасоочу адис катары эсептеген Нурбек Тимуров, бул долбоорго 300 миң евро акча кеткенине ишенбесин, жакшы сайтты 60 АКШ долларына жасаса боло турганын айтып буларды кошумчалады:
- Баткен веб порталынын ачылганы бир жагынан жакшы. Бирок, жасалгасы универсалдуу эмес, жөнөкөй эле. Менин угушума караганда бул сайттын жасалышы 300 миң евро деп атат. Бирок мен түшүнбөй атам, кайсы жасалгасы ушунча көп акчаны талап кылат. Мен жасаган веб.портал мындан бир аз жакшы, бирок акчасы 60 доллар. Сайт жасоо үчүн компьютер күнү-түнү интернетке уланып туруш керек. Анда дагы 50 миң евро 5-10 жылдыкты камсыздап коёт. Биздин өкмөт 300 миң еврого сайт жасагыча, башка элдин пайдасына чечпейби деген ойдомун, - деген оюн интернет сайттарын жасап жүргөн баткендик Нурбек Тимуров айтты.
Еврокомиссиянын каржылыгын алып, Баткен итернет порталын түзүп анын бет ачарын уюштурган «Регионалдык веб порталды түзүү жана коммуникация стратегияларын иштеп чыгуу» долбоорунун жетекчиси Анита Кехре айымга долбоорго канча акча бөлүнгөнү тууралуу сураганыбызда:
- Бул суроого мен жооп бере албайм. Бул менден башка дагы эки эксперт долбоорго канча акча кеткенин билбейбиз. Биз болгону аткаруучу катары иштедик. Анан да бул үчүн мага деп 2 компьютерге акча бөлүнгөн эле болгону ушул.
«Баткен гов кей жи» интернет порталын түзүү долбоорунун жетекчиси Анита Кехре, канча сумма акча кеткени тууралуу маалыматты Бишкектеги Еврокомиссиянын кызматкерлери гана бере ала турганын айтты. Ал эми Бишкекте так ким деген адамга кайрыла турган маалыматты бериштен Анита айым баш тартты.
Облустук акимчиликтин чоң залында өткөн аймак порталынын бет ачарында, долбоорго коротулган сумма айтылбады. А бул болсо коомчулуктун арасында таң калууну туудурду.
«Баткен гов кей жинин» өнөктөшү катары эсептелген Баткен Медиа борборунун программалык координатору Саатбек Эгембердиев, өзүн мындан аркы өнөктөш катары эсептесе да, анда долбоорго жумшалган каржат тууралуу расмий маалымат жоктугун айтты:
- Долбоордун жалпы суммасын мен кечээ уктум. Бул мага жаңылык. Бул канчалык эффективдүү болду билбейм? Эми убакыт көрсөтөт го. Бирок сайтты 60 долларга деле ачып алса болот, - деди Баткен медиа борборунун программалык координатору Саатабек Эгембердиев.
Эл аралык уюмдар дайыма эле жумшалган бюджеттик каржаттары тууралуу маалыматты коомчулукка билдирип турууга милдеттүү эмес деген оюн бейөкмөт уюмдун кызматкери Асылбек Эгемберидев ортого салды:
- Коомчулуктун алдында ачык-айкын болсо жакшы болмок. Ар бир мекеменин балким өзүнүн саясаты бардыр. Бир чети элдин канча акча кетти деп кызыкканы бул да жакшы. Себеби ушул долбоор элдин кызыгуусун жаратканынын көрсөткүчү, - дейт бейөкмөт уюмда иштеген Асылбек Эгемберидев.