ЫСЫККӨЛ. Ысыккөл облусунун райондоруна эле эмес, ар бир айылга ардагерлер партиясынын штабы түзүлө турганын партиянын Ысыккөлдөгү координатору Сыртбай Нургазиев билдирди. Анын айтуусунда бул партияга облустагы 6 миңден ашык ардагер жана ооган коомдору катталууда. Курагы 18 жаштан өйдө атуулдарды мүчөлүккө тартуу боюнча атайын баракчалар да таратылып атат. Ал эми партиянын төрагасы Олег Михайловдун ырастоосу боюнча Москвада өткөн съездге Кыргызстандан 4 киши делегат болуп барганда, ардагерлер үчүн кайра иштетүүчү ишканаларды куруп берүү убада болгон. Кыргызстан боюнча Ардагерлер партиясына өткөн 15 миңден ашык мүчөсү, “Ар намыс” партиясын Орусия менен конфедерациясын түзүүсүн колдой турганын Сыртбай Нургазиев маалымдады. (RB)