Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театры. Киребериштин алдында аскер оркестри “Алфертон” жана “Гладиаторлор маршын” ойноп жатат. Коопсуздук маселеси, америкалыктардын Бишкектеги “Манас” абабазасы, сыяктуу суроолор бүгүнчө жоголуп кеткендей сезилет. Бүгүн, алдыңкы планда бүтүрүүчү студенттер жана алардын муглимдери. Ричард Баучер да бул аземге ардактуу профессор наамын алыш үчүн эле келгендей болду. Бирок, албетте саясатчылар катышкан маареке саясий нукка бурулбай койбойт.
Борбор Азиядагы Америка Университетинде ар түрдүү өлкөлөрдөн келген студенттер окуйт. Бул өлкөлөрдүн желектери салтанаттуу түрдө сахнага чыгарылды. Ал жакта акыры жыйырмадан ашуун желек тизилип калды. Желбиреген желектердин алдында туруп алып Ричард Баучер Борбор Азиядагы геосаясат тууралуу сүйлөдү.
- Мен Кыргызстанды Борбор Азияны бирдиктүү аймакка айландырууда негизги ролдогу өлкө катары көрөм. Билим берүү жана ачык коом курууда алдыңкы орундарга чыккан өлкө студенттер үчүн мыкты билим алууга, пикир алмашууга жакшы шарттарды түзгөн.
Бишкектен окууну аяктап, эми өз өлкөсүнө кетип жаткан бүтүрүүчүлөр жалпы эле Борбор Азияны бирдиктүү аймак кылууга эми билими да, жер-жерлерде тааныш-достору да жетет болуш керек дейт Баучер мырза. Түркмөнстан жана Ооганстандыктар андан өзүнчө насаат алышты десек да болот:
- Түркмөнстандан келгендер, силер өз мекениңерге кайтып барганда айрым нерселер силер үчүн таанылгыс болуп өзгөргөнүн байкайсыңар. Бул өлкөлөр жаңы доорго кирди. Ооганстан да караңгы мезгилден эми чыкты. Силер кайра артка барганда көптөгөн жаны мүмкүнчүлүктөрдү табасынар. Көп нерсе жасалды, бирок, мындан да көп нерсени эми жасаш керек.
Адахан Мадумаров мүмкүн Баучердин сөзүн укса, ага кошулмак. Бирок, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы салтанаттын башында эле 15 мүнөткө келип, өзүнүн айтуучу сөзүн айтып, дароо бир жакка шашылып кетти.
«Бул окуу жайда ар жактан келген студенттер окуп жатат. Мен ишенем, бул студенттер дагы көптөгөн эшиктерди ачып, далай-далай ийгиликтерге жетишет. Бирок, ошол ийгиликтердин ачкычын алар Бишкектен алганын унутпай жүрсө жакшы болмок”,- деди Адахан Мадумаров айтты.
Америка университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн аземи Баучердин сапарындагы саясаттан эң алыс окуялардын бири болду. Бирок, бул жерде да ал буга чейин өкмөт башчысы Атамбаев менен сүйлөшкөн айрым багыттар боюнча айтты.
- Кыргызстан коңшулары менен жаңы мамилелерди түзүп жатат. Айрымдары азыр иш жүзүндө аткарылса, калгандары алдыга максат катары коюлган. Кытай, Түштүк Азия менен жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Биз өз кезегибизде бул мүмкүнчүлүктөрдү жол байланышы, электр линиялары, эскпорт жаатында жардам көрсөтүп жатабыз.
Кыргызстан менен мамилелерди жакшыртуу жаатында өз максатын аткарып жаткан Борбор Азиядагы Америка университетине АКШ өкмөтүнөн кошумча 3 миллион доллар бөлүндү.
Борбор Азиядагы Америка Университетинин Президенти Эллен Хурвиц, “Азаттыкка” билдиргендей бул окуу жай дагы кеңейүүнү караштырып жатат. Жаңы бөлүмдүн ачылышы дагы 100гө жакын студентти, ал эми даярдоо бөлүмү дагы кошумча 50 студент алып келүүсү күтүлүүдө.