АКШ баштаган коалициянын маалымдашынча, бүгүн эртең мененки салгылаш Забул провинциясында орун алды. Аль-Каидачылар жана талибдер деп шектелген топко ооган жана коалиция аскерлери дөбөдөн аткылангандан кийин чабуул жасашкан. Эки сааттык аткылашта бир нече согушкер окко учуп, бешөө туткундалды. Коалиция карапайым тургундардан эч ким жапа чеккен жок деп ырастады.