Санкт-Петербургдагы он биринчи эл аралык бизнес форумга бүгүн 6 миң бизнесмен чогулууда, алардын ичинен ири корпорациялардын 100 чакты жетекчиси менен президент Путин жолугушат.
Батышта демократиялык реформалардан тайды деп сындалып келаткан Орусия бул форумда өзүн эң мыкты жагынан көрсөтүүгө далалаттанат болуш керек.
Форумдун бүгүнкү ачылышында өкмөт башчысынын биринчи орун басары Сергей Иванов жана советтик экономиканы базар экономикасына өткөрүүнүн башкы архитектору саналган Егор Гайдарлар сөз алып сүйлөштү. Кийинки кезде Орусиянын энергетика сектору менен тыгыз иштешип келаткан Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредер да сөз алып сүйлөдү.
"Азаттыктын" кабарчысы Данила Галперовичтин айтымында, вице-премьер Сергей Ивановдун сөзү айрыкча кызыктуу болду. Кабарчынын билдиришинче, Иванов экономиканы сырткы инвесторлорго ачуу, коррупция, чек арасыз экономика, мамлекеттик бийликтин транспараенттүүлүгү сыяктуу көйгөйлөргө токтолду.
Орусияда соңку кездери чет элдик корпорациялар кысымга туш келүүдө, бирок ушул жума күнү Япониянын машина жасоочу "Сузуки Мотор" тобу Орусияда 2009-жылдын этегинде 116 миллион доллардык завод кура тургандыгын жарыялады.
Анын аралыгында, Орусиянын түндүк бай тактысындагы маанилүү ишкер жыйынга байланыштуу оппозициядагы Башка Орусия деп аталган топ нааразылык акциясын өткөрүүгө камданууда.
Оппозиция лидери Гарри Каспаров полиция же Кремлди жактаган жаштар уюмдары провокация уюштурат деп кооптонуп жаткандыгын билдирди. Москвада Башка Орусия тобуна кирген Кызыл Жаштар Авангарды уюмунун жетекчиси Сергей Удалцов Санкт-Петербургга баруучу учакка отуруп жаткан жеринен камакка алынды. Ал эми кечээ Германиядагы Өнүккөн Сегиз өлкөнүн самитинде өзүн Башка Орусия уюмунун мүчөсүмүн деген киши орус президентин "тиран, эркиндиктин душманы" деп айыптаган баракчаларды чачып, Владимир Путиндин пресс-конференциясын үзгүлтүккө учураткан эле.
Санкт-Петербургдагы бизнес-форум Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинин бейформал саммити менен бир мезгилде туура келүүдө. Анда армян президенти Роберт Кочерян, азери президенти Илхам Алиев менен жолугушат деп күтүлүп жатат. Бул саммитке кыргыз президенти Курманбек Бакиев да катышаары кабарланган. Бакиевдин кыргыз диаспорасы менен жолугушуусу пландаштырылган.