Шайлоого көз салып жаткан байкоочулардын баамында, ушул сааттарда добуш берүүчүлөрдүн катышуусу активдүү эмес. “Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова кабарчыбыздын суроолоруна жооп берип жатып, “Бийлик адамдары ачыктан-ачык шайлоонун жүрүшүнө кийлигишип, өз талапкерин өткөрүү аракетин көрүүдө”, деп белгиледи. Бүгүнкү шайлоонун жүрүшүнө эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын, бардыгы сегизге жакын уюмдун өкүлдөрү байкоо жүргүзүүдө. (ZMa)