Фестивалдын талабына ылайык катышуучулар өзүлөрүн тааныштырып, кыргыз жерин, окуган мекемесин даңктаган патриоттук ырлардан окушту. Ошондой эле сулуулар чыгыш бийин бийлешип, сахна маданиятын көрсөтүштү. Кыздардын интелектуладык деңгээли текшерүү үчүн калыстар тобу тарабынан ар кандай темадагы суроолор берилди. Ал суроолорго айрымдары так, туура жообун беришсе, кээ бирлери такыр эле тескери жоопторду беришти. Мисалы кыргыз манасчылары деп Токтогул Сатылганов жана Тоголок Молдо деп айткандар да болду. Соңунда калыстар тобу Кыргызстандын периси номинациясын Ош мамлекеттик универистетинин студенти Айпери Окоевага ыйгарды. Ага белгиленген 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Мындан сырткары номинациялар боюнча сулуулар тандалды.
Дүйшөмбүдө ошондой эле улуттук тарых музейинде чебер Бурул Мамбетованын “Кыргыз жерим кымбатым” аттуу жеке көргөзмөсү ачылды. Анда негизинен кийизден жасалган буюмдар көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Чебердин коллекциясында улуттук кийимдер, жерге төшөлчү шалчалар, чокойлор, белек бечкек буюмдары жана башкалар бар. Ошондой эле түрлүү жүн колдонулган сүрөттөрү да бар. Ал эми эң көрүнүктүү жана көп эмгекти талап кылган иши бул улуттук кийимдер. Анда да сөзсүз жүн колдонулат жана европалык стилде улуттук белгилер менен айкаштырыла жасалат. Бурул Мамбетованын айтымында соңку убакта улуттук кийимдерге жана буюмдарга болгон суроо-талаптар көбөйдү. Ошондой эле чет өлкөлүктөр да сатып алышууда. Бурул айым чет элдиктерге буюмдарын сатып алып эле тим болбостон, айрымдарына устаттык сабактарды өткөрүп, тажрыйба бөлүшөт. Эми алдыда Ысык-Көлдө жеке көргөзмөсүн ачууну жана “Оймо-2007” эл аралык фестивалына катышууну ниет кылууда.
Бул жумада экинчи республикалык театр фестивалы өттү. Ага өлкөнүн баардык аймактарынан 14 професионал театр катышты. Фестивалдын ачылышында кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын артистери “Канат менен Зарина” аттуу спектаклин тартуулашты. Мындан сырткары биринчи ирет Баткен музыкалык драма театры катышты. Ал эми Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театры Жаныш Кулмамбетовдун “Аксы окуясы же Боспиектеги караан түн”, “Каргыш тийсин сага Жаңыл мырза” спектаклдерин, Ош өзбек драма театры Султан Раевдин пьессасына коюлган “Алай ханышасынын көз жашы”, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театры эл артисти Тамара Жумакаеванын жаркын элесине арналган “Актриса” спектаклин тартуулашты. Режиссер Кыргыз Республикасынын эл артисти Алмаз Сарлыкбековдун айтымында фестивалга көрүүчүлөр арбын келген. Ал эми фестивалдын калыстар тобунун курамын белгилүү кыргыз, казак жана тажик маданият ишмерлери түздү. Алардын чечими менен мыкты спектакль деп Ош кыргыз драма театрынын Султан Раевдин пьесасына коюлган “Таажы спектакли” табылды.
Чуйков музейинде беш жаштан он алты жашка чейинки өспүрүмдөрдүн тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өттү. Анда Бишкек шаардык сүрөт мектебинин окуучулары түрдүү темада тарткан сүрөттөрүн коюшкан. Анда Кыргызстанды, табиятты, айыл менен шаар жана жомоктордун каармандарын чагылдырган эмгектер бар. Көргөзмөдө ошондой эле жаш сүрөтчүлөр “Бакыт эмне?” деген темада тарткан сүрөттөрүн коюшту. Аталган темага балдар түрдүү көз карашта ой жүгүртүшкөн. Мисалы айрымдары ата-энеси менен гүлбакта сейилдеп жүргөндөрүн, кээ бирлери достору менен ойноп жаткан учурларын, Көлдө эс алып жүргөндөрүн, маскарапоздорду тартышкан. Бишкек шаардык мемориялдык музейлердин жетекчиси Арман Момаханованын айтымында Бишкек шаардык сүрөт мектебинин окуучулары үчүн мындай көргөзмө жылына уюштурулат, ошондой эле алар мындан сырткары дагы бир катар көргөзмөлөрдө сүрөттөрүн көрүүчүлөрдүн сынына коюшат.