Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

СТУДЕНТТИК ОТРЯДДАР ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫР ТАРТКАНДАРГА ЖАРДАМГА БАРАТ


Мындан 40 жыл мурда Ташкенттеги жер титирөөдөн жабыр таркандага жардам берүү максатында Кыргызстанда студенттик алгачкы курулуш отряддары түзүлүп, кыйраган турак жайлардын ордуна жаңы үйлөрдү курууга салым кошкон. Совет доорундагы мындай демилгенин деми эгемендүү өлкө болгону сууп, студенттерге көңүл бурулбай калган. Он алты жылдан кийин гана өлкөдө кайрадан студенттик курулуш отряддары жандана баштады.

Былтыртан баштап студенттик курулуш отряддарынын ардагерлери бул кыймылды кайра түзүү демилгесин көтөрүп чыгышкан. Жаштардын эмгек биржасынын координатору Максат Беккуловдун айтымында мындай саамалыкты айрым студенттер өздөрү дагы колдоого алышып, жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан Кочкор жана Лейлек райондорунун калкына жардам берүүгө макул болушкан.

Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университетинин студенти Эрмек Аргынбаевдин пикиринде студенттик курулуш отряддарынын түзүлүшү учур талабы, студенттердин жардамына өлкө муктаж болуп турган учур. Жогорку окуу жайдан алган билимибизди турмушта колдонууга негиз болуп, жер титирөөдөн жабыр тарткан Кочкор районундагы Акжар айылындагы мектептин курулушуна жардам беребиз, дейт Эрмек Аргынбаев.

Кыргыз агрардык университетинин студенти Алманбет Акматовдун пикиринде студенттик курулуш отряддары элге материалдык жардам бере алышпаса дагы моралдык жактан колдоого алышып, колдон келген жардамын аянбайт. Ошондой эле атайын форма беришип, жайкы экзамендерди эрте тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, эки жума иштегенден кийин миң сомдон ачка бермек болушту, дейт Алманбет Асанов.

Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун айтымында студенттик курулуш отряддарын кайрадан түзүү демилгесин өкмөт ар тараптан колдоого алды. “Бул саамалык студенттердин ортосундагы достук мамилени чыңдоого, бири-бири менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болот” дейт мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров.

“Студенттик курулуш отряддарына айыл өкмөттөрү жеринде шарт түзүп берүүсү зарыл, мындай демилге жаштардын мекенчил сезимин курчутат”,- дейт студенттик курулуш отрядынын ардагери Майрамбек Кутушбаев.

Совет доорунда кыргызстандык студенттер өлкөнүн аймагынан тышкары Орусиядагы Ярослав облусунда курулган “Кыргызстан” совхозунун курулушуна да салым кошкон. Ушул Орусия жергесинде студенттик курулуш отрядында жүрүп, өмүрлүк жарымды тапкам дейт Жогорку Кенештин телестудиясынын жетекчиси Курманбек Рыспаев.

Быйыл 4 миңге жакын студенттер курулуш отряддарынын курамында айыл-чарба жана курулуш тармагына жардам берүү менен жайкы каникулду эмгек менен өткөрүп азыноолак каражат таап да келишет.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG