Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:28

Иракта полиция имараты бомбаланды


Багдаддын түндүгүндө машинадагы бомба жарылганда кеминде жети тартип коргоочу набыт кетип, ондогону жараат алды. Тикрит менен Киркук шаарындагы чабуулдан кара жол башкармалыгынын имараты бүт кыйрап калды. Багдаддагы жана шаардын түндүк-чыгыштагы текшерип өткөрүү бекетине чабуулдарда да кеминде төрт киши каза таап, 15и жарадар болду. Өткөн түнү Багдадда шийит куралчандары америкалык аскерлер менен кагышып, үч киши окко учуп, 17 киши жараат алган эле.

XS
SM
MD
LG