Парламенттин эл аралык саясат боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимди ратификациялоого байланышкан маселелер каралат. Парламент бул маселеге былтыр июнь айында кайрылып, бирок айрым талаштуу жагдайлардан улам артка жылдырган. Өзгөчө Ысыккөлдөгү Каркыра жайлоосунда казак тарап 7 чакырымдай ичкери кирип келши тууралуу маалыматтар тынчсыздануу жаратып, маселени жеринде иликтеп келүү үчүн парламенттик комиссия да түзүлгөн.(SM)