“Орусияда жасалган” аттуу кинофестивалдын алкагында “Мамлекет кызматчылары”, “Жапайылар”, “Күрдөөлдү күндөр” фильмдери жана башка бир катар тасмалар көрсөтүлөт. Он экисинде орус драма театрында “Гармония” маданий борбору жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган концерт өтөт. Анда Кыргызстандагы чыгармачыл жамааттардын, професионал ырчылардын аткаруусунда ар кайсы жылдарда популярдуу болгон орус ырлары тартууланат.
14-июндан 16-июнга чейин жаш ырчы Мирбек Иманбеков жеке концертин тартуулайт. Бул кечеде жаңы композициялар менен катар, элдин кулагына сиңген эски ырлар да жаңырат дейт ырчы.
12-июнда Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде “Балдар эмгегин эксплуатациялоого жол жок” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Ал эми он алтысында Кыргыз сүрөтчүлөрү, айкелчилери менен Америкадан келген сүрөтчүлөрдүн көркөм өнөрдүн “Publik Art” багытында жараткан эмгектеринин көргөзмөсү ачылат.
Учурда республикада айыл өкмөттөр аралык “Ак мөөр” сулуулар сынагы өтүүдө. Ага 17-жаштан, 23-жашка чейинки кыз-келиндер катышат. Сынак үч турда өтөт башкача айтканда алгач райондо, облуста, андан соң Бишкекте республикалык тур өткөрүлөт.
Борбордогу сынакта жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылат. Баш байгеге 100 миң сом чет өлкөгө саякат жолдомосу берилет жана “Ак мөөр” таажысы кийгизилет.