Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:34

10:40 Кыргызстанда биринчи жолу Интернеттеги издөө боюнча мелдештин алгачкы туру өттү


10-июнда болгон биринчи турга катышуу үчүн жүз элүүдөй адам каттоодон өткөн. Сынактын келерки тайпасы 13-июнда болот. Финалга чыккан он катышуучу июндун 19да акыркы оюнду Борбор Азиядагы Америка университетинде өткөрөт. “BLM” коомдук кору тарабынан өткөрүлүп жаткан Интернеттен издөө боюнча алгачкы ачык мелдеш орусиялык Яндекс Интернет порталынын колдоосу жана макулдугу астында уюштурулууда. Аталган коомдук кордун башчысы Бурас Болжиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча мелдешке катышуу көп деле аракетти жана каржыны талап кылынбайт жана ага орусча билген, компьютер менен аздыр көптүр тааныш, өмүрүндө жок дегенде бир жолу Интернеттин издөө кызматын пайдалангандардын баары катыша алат. Катышуучулар бири-бири менен суроолорго жооп табууда күч сынашат жана сунушталган суроолор кызыктуу келип, көңүл ачуу менен бирге таанып билүүчүлүк мазмунга ээ. Кыргыз Интернет колдоонуучулар арасында өтүп жаткан мелдештин жеңүүчүлөрүнө байгелер берилет. (EBM)

XS
SM
MD
LG