Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:38

ХУСЕЙИН ИСАЕВ: КУЛОВ САЯСАТЧЫ КАТАРЫ КЕЛЕЧЕГИ ЖОК ЭКЕНДИГИН КӨРГӨЗДҮ


Өткөн аптада Ф.Кулов жетектеген элдик фронт Россия менен конфедерация түзүү демилгесин көтөрдү. Окумуштуу мударис Хусейин Исаев биздин маектешибиз.

- Биз буга чейин бир катар саясатчы, коомдук ишмер, катардагы адамдар менен маектешкенбиз. Эми сиздин оюңузду да билели деп турабыз. Кулов интервьюларынын биринде мындай конфедерация Кыргызстанды бөлүнүп-жарылуудан сактап калат деп айтты. Сиз мындай ойго кошуласызбы?

- Куловдун бул айтканына мен кошула албайм. Буга экономикалык, саясий, социалдык жагынан да эч кандай негизи жок. Куловдун бул көтөрүп аткан демилгеси өзү аштоого түшкөн балыктай болуп айласы кеткендеги иши. Мына бир жарым жылдан бери Кыргызстан жалаң митинг, чогулуш менен саясатташып атат. 11-апрелде бийликти тынчтык жолу менен өзгөртүү деди, 19-апрелде өтөт деди. Эч кандай даярдыгы, эч кандай программалык максаты жок. Ушунун бардыгы тең Куловдун жүзүн ачып берди. Бул эч убакта кыргыз мамлекетинин, элинин өз алдынча азаттыкта жашоосун жана анын кандай болуп кетээрин көрө албаган жигиттерибизден экенин, бул жагынан өзүнүн саясатчы катары келечеги жок экендигин көргөзүп койду. Конфедерация деген албетте дүйнөлүк өнүгүүдө жаңылык эмес. Мисалы Европада, Швейцарияда бар. Ал эми конфедерация деген сөздү карап көрсөңүз – бул көз карандысыз мамлекеттердин союзу дейт. Биринчиден, Россия менен жалпы чегарабыз жок. Экинчиден, кыргыздар 140 жыл бою Россиянын курамында жашады. Кыргыздар отурукташты, сабатсыздыгын жойду. Бирок, кеңири цивилизациялык маселелерди алып көрсөк, тил, дил, манадият, тарых, дүйнө таануу маселесин алып көрсөк – бул жагынан кыргыздар өтө чоң запкыга учурады. Мунун бары тең изилдөөгө татыйт. Андан тышкары совет доорунда көп нерселерди үйрөнгөндүгүбүз жалган эмес. Бүгүнкү күнү дүйнөнүн өнүгүүсүн алып карасак формациялык жол эмес, цивилизациялык жол менен өнүгүү башкы максат болуп турат. Цивилизациялык жол дегенде чөлкөмдүк, ааламдык цивилизациялар. Россияны алып көрсөк орус цивилизациясы деп атат. Россиянын айрым окумуштуулары Евразия цивилизациясы деп атат. Биз кайсы цивилизациялык жол менен өнүгөбүз. Кийинки кезекдерде 300 млн. жакын болгон түрк элдери түрк цивилизациясын өнүктүрөбүз деп атат. Мына ошонун теориялык, практикалык маселесин иштеп жатат. Азыркы учурда мамлекеттердин өнүгүү маселеси менен интеграция маселеси, башкача айтканда экономиканы калыптандыруу, толуктоо маселеси өзгөчө кеңири жолдо баратат. Кечээ күнү Санкт-петербургда болгон союзда дагы экономикалык интеграциялоо маселеси биринчи орунга коюлду. Андан кийин Казак Республикасынын президенти Назарбаев бул өзү экономиканын өнүктүрүүнүн бирден-бир жолу катары биригелик, союз түзөлү деген маселени айтты. Мына казактар менен биз эненин эки эмчегиндей болуп кошуна жашаган элбиз. Биздин суубуз, жайлообуз бирге болгон. Биз ошону ойлошубуз керек. Кыргыз өзүнүн тилин, дилин, жүзүн сактоо менен улуттук экономиканы өнүктүрүү аркылуу биз башкалар менен тең ата боло алабыз. Бүгүнкү күнү Кыргыз мамлекети Шанхай кызматташтыгынын бирикмесинин жетекчилеринин Бишкекте болуучу жыйынына даярдангып атат. Бул намыстын иши. Бүт кыргызстандыктар биригип, республиканы анча-мынча калыбына келтирип Шанхай кезигишүүсүн жогорку деңгээлде өткөрүү жагын ойлошубуз керек.

- Кулов социологдордун маалыматына таянып, бул сунушту калктын 80 пайзга жакыны колдойт деди. Сиздин пикириңизде кыргызстандыктар чындап эле ооба деп жооп бериши мүмкүнбү, айталы ошондой референдум болуп калса?

- Биринчиден, андай изилдөө жүргүзгөн жок. Мен социологдор коомунун президенти катары андай изилдөөгө эч кандай мүмкүнчүлүк болгон жок. Экинчиден, ал жерде кошулуп жазылган.

- Буга чейин деле көтөрүлгөн да ушундай демилге?

- Ачык эч убакта демилге болгон эмес. Анча-мынча кээ бир аша чапкандардын сунушу болгон айласы кетип өзүнө-өзү ишенбөөчүлүктөн. Бирок жалпы калкты алдоого мүмкүн эмес. Алардын пикири, оюу башкача болуп калды. Өз алдынча өнүгүүнү биринчи орунга коюуда.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Айнура Жекше кызы

XS
SM
MD
LG