Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

ЭХ, МЕНИН ТАБЫШМАКТУУ, ТАТААЛ, КЫЗЫКТУУ ДҮЙНӨМ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Кош бойлуу эненин ар түрдүү стресске дуушар болуусу ичтеги баланын мээсинин өнүгүшүнө терс таасир этет. Унутчаактык оору эмес, мээнин керексиз нерселерди иргеп, чыгарып салуу аракети болушу мүмкүн.

Кош бойлуу аялдардын ар түрдүү стресстерге дуушар болуусу ичтеги түйүлдүккө 17 апта болгон соң терс таасир кыла баштайт. 300дөй кош бойлуу аялдарды изилдеп көргөн британ окумуштуулары мына ушундай жыйынтыкка келишти. Адам капа болгон кезде кортизол деген стресс гормону бөлүнүп чыга баштайт. Гормон адегенде оң таасир этип, адамда эс алып калгандай таасир калтырат. Бирок, стресс узак убакытка созулганда адамдын кан басымы жогорулап, иммундук системасы начарлайт.
Британиянын Клиникалык Эндокринология деген мекемесинин адиси Пампа Саркардын айтымында, айбанаттар менен жүргүзүлгөн тажрыйбалар болочок эненин стресске дуушар болуусу түйүлдүктүн мээсинин өнүгүшүнө терс таасир этээрин аныктаган. 1999-жылы 33 кош бойлуу аялга жасалган изилдөө да дал ушуну көрсөткөн.

Ал эми британ окумуштууларынын жакында жүргүзгөн байкоосу кош бойлуу кезинде стресске дуушар болгон аялдардан төрөлгөн балдардын акыл коэфиценти башка балдардын орточо деңгээлиникинен 10 пайызга төмөн боло турганын аныктады. Окумуштуулардын айтымында, конфликттердин негизги булагы бул жубайлардын ортосундагы карама- каршылыктар менен түшүнбөстүктөр. Ошону менен бирге эле стресс очогу катары куралдуу жаңжалдар менен согуштар аталат.

Ачкычыңызды кай жерге коюуп койгонуңузду эстей албай бушайман болосузбу? Анда сиздин мээңиз эске тутуунун айрым бир жерлерин чабалдатып, натыйжалуу иштөө үчүн шарт түзүп жатат, деп жазат Nature журналында изилдөө мээнин жөндөмүн изилдөө боюнча окумуштуулар тобунун жетекчиси Брайс Кууль.

Кууль баштаган топ колледж студенттеринин эске тутуу жөндөмүн изилдеген. Студенттерге алты жуп сөздү жана ондогон кыска тексттерди эске тутуп калуу сунуш кылынган. Студенттер жуп сөздөрдү эске тутуп, ал эми тексттерди унутуп калышкан. Магниттик резонанстын принциптери менен иштеген аппарат эске тутуу процессинин жүрүшүндө мээнин бир бөлүгү активдүү иштеп, ал эми башка бир бөлүгүнүн иши пастаганы байкалган. Татаал изилдөөнүн негизинде окумуштуулар өтө көп маалымат алган чакта мээ адам үчүн өтө зарыл маалыматка орун калтыруу үчүн келген маалыматтын бир бөлүгүн унутуп, башкача айтканда сыртка чыгарып коёт, деген тыянакка келишти. Ошон үчүн сатып ала турган буюумдардын ичинен бир нерселдерди унутуп калсаңыз, капа болбоңуз, сиздин мээңиз андан да маанилүү маалыматка орун калтыруу үчүн ал маалыматты унутуп калды, дешет окумуштуулар. Бирок, кайсы маалыматтын биз үчүн маанилүүрөөк экенин мээ кантип билет, бул табышмак бойдон кала берүүдө.
XS
SM
MD
LG