“Башка Орусия” кыймылы уюштурган акцияда шахмат боюнча дүйнөлүк экс-чемпион Гарри Каспаров чыгып сүйлөп, көп сандаган полиция кайтарып турганы Кремль тынч демонстрациялардан коркоорун көргөзөт деп айтты. Демонстранттар жөө жүрүш өткөрбөй калышты, анткени Москва шаардык бийликтери анын багытын бекитүүдөн баш тарткан.