Бул тууралуу Сербиянын премьер-министри Воислав Коштуница билдирди. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш кечээ Албанияга барганда, Косово Сербиядан көз карандысыздык алышы керек деп айткан. Сербиянын премьер Коштуница расмий билдирүү таратып, Вашингтон албандарга болгон сүйүүсүн билдирүүнүн башка жолун тапсын, сербдердин жерин сунуш кылбасын деп комментарийледи.
Сербия эли - АКШ Косовонун көз карандысыздыгын колдогонун терең кыжырдануу менен кабыл алды