Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:10

«АПШИРОН» КАФЕСИНИН ЖАНЫНДА ОК АТЫШЫП…


Жазгул Жамангулова, Чүй Кечээ 11-июнга караган түндө, Бишкек шаарынын Гагарин жана Бах көчөсүнүн кесилишиндеги “Апширон” кафесинин жанында ок атышуу болгон. Атылган октон бактыга жараша адамдар жабыркаган эмес. Учурда ок аткандардын экөө кармалды. Уруш болсо бейбаштыктан улам келип чыкты деп айтышууда.

Саат түнкү үчтөр чамасында “Апширон” кафесинде акыркы кардарлар калган. Бир столдо кыргыз улутундагы үч жигит жана эки кыз эс алып олтурган, алардын катарында болсо 30-45 жаштар чамасындагы кавказ улутундагы үч адам да тамактанып жатышкан. Кафенин ичинен кол жууп жаткан кыргыз кыздарга кавказ улутундагы адамдар өз тилинде жаман, шылдындаган сөздөр менен тийишишкен. Бирок, кыргыз кыздар алар сүйлөп жаткан тилди толук түшүнүшкөн. Алардын көрсөтмөсүнө караганда эки столдо олтургандар бирдей ичимдик ичип олтурган экен. Ал эми окуя кафеден чыккандан кийин болгон. Себеби кавказ улутундагы адамдар кайрадан кыргыз кыздарга тийишип, анан жигиттер ортосунда мушташ чыгып, таштар менен бирин бири койгулашып кетишкен. Ал жердеги окуя туурасында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө иштери боюнча начальниги Кадырбек Салиев буларды айтты.

- Мушташтын учурунда кыргыз балдар качкан, анан тигилер ок атышкан. Ок адамдарга тийген эмес, бирок алардын эки машинасына тийген экен. Кыргыз кыз-жигиттер качып кетишкенден кийин кавказ улутундагы кишилер алардын машиналарынын талкалап салышкан. Азыр машиналар экспертизада.

Ошондон соң кыздардын бирөө милиция бөлүмүнө кайрылып, учурда окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду. Тергөөчүлөрдүн билдиргенине караганда окуя тек гана ээнбаштык менен ичкиликтен улам келип чыккан. Ал эми бул маселеге кайрылган укук коргоочу Турсунбек Акундун айтымында аталган маселеге улуттар аралык мамилени аралаштыруунун кереги жок.

- Бул жерде эч кандай түрк, кыргыз деген маалымат жок. Бул болгону адаттагы ээн баштык . Ага улуттар аралык мамилени илээштирип, өзүнчө көптүрүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок. Мен бул маселенин бардык булактарын тактап көрдүм да.

Учурда ок аткандардын экөө кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу кармалуучу жайында. Тергөө иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG