Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Казак президентинин улуу кызы күйөөсү менен ажырашты


Дарига Назарбаева жана Рахат Алиев расмий түрдө ажырашты. Мурда Казакстандын Австриядагы элчилик кызматында иштеген Рахат Алиев азыр Венада. Ага бул жерде арам акчаны адалдаган деген жүйөө менен кылмыш иши козголгон. Рахат Алиев ажырашуу тууралуу маалымдалган факсты кечээ алганын ырастады. Алиевдин айтымында, ал ажырашууга макулдук берген эмес жана анын расмий кагаздардагы колу жасалган. Мекенинде болсо Рахат Алиев адамды уурдап, ур-токмоко алганы үчүн айыпталууда. Казак ички иштер министрлигинин өкүлү кечээ ага жаңы айыптар коюлушу мүмкүн экенин билдирди. Казак бийликтери учурда Рахат Алиевди Австриядан өткөрүп алууга аракеттенип жатат.

XS
SM
MD
LG