Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

ӨЗӨКТҮК КУБАТ АГЕНТТИГИНИН СЕССИЯСЫНДА ИРАН МАСЕЛЕСИ ДАГЫ ТАЛКУУЛАНАТ


Нарын АЙЫП, Прага 11-июнда Вена шаарында Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин Башкаруучулар кеңешинин кезектеги сессиясы башталды. Ал бир апта уланат жана башка маселелердин арасында анда Ирандын өзөктүк программалары менен байланышкан проблема дагы талкууланышы мүмкүн.

Беш күнгө улана турган сессия учурунда негизинен Агенттиктин ишмердүүлүгү боюнча бир жылдык отчеттор жасалып, алар талкууланат жана 2008-2009-жылдарга пландалган аракеттер каралат. Иран маселеси күн тартибине өзүнчө суроо болуп киргизилген жок, бирок өзөктүк куралды дүйнөгө жайылтпоо маселеси бар жана анын алкагында Ирандагы абал дагы талкууланышы мүмкүн.

Акыркы күндөрдө Иран менен бир нече маселе чыкты. 6-8-июнда Алманиянын Хайлигендамм шаарында өткөн дүйнөлүк саммитте кабыл алынган чечимдер арасында Тегеранга дагы кайрылуу жасалып, Ирандагы өзөктүк изилдөөлөр менен уран байытуу иштери токтотулууга тийиш деп айтылды. Иран өкмөтү 9-июнда атайын билдирүү менен чыгып, мындай чечимдер маселени чечүүгө көмөктөшпөйт деп жарыялады.

11-июнда болсо Вена шаарында Европа Биримдигинде тышкы саясат жана коопсуздук маселелери үчүн жооптуу Хавьер Солананын жардамчысы Роберт Кубо менен Ирандын өкүлү Джавад Ваиди ортосундагы жолугушуу жыйынтыксыз аяктады, анткени Валиди орчундуу маселелерди талкуулагандан баш тартты. Ошол эле күнгө пландалган Ваиди менен Өзөктүк кубат агенттигинин эки өкүлү ортосундагы жолугушуу дагы ошол эле себептен болбой калды.

Агенттиктин деректири Мухаммед Элбарадеи болсо ошол эле 11-июнда атайын билдирүү жасап, Бириккен Улуттардын чечимдерин Иран аткарган жок, өзүнүн уран байытуу иштерин кеңейтүүдө жана Агенттиктин текшерүүчүлөрүнүн аракеттерин чектеп жатат деп билдирди. Буга чейин Бириккен Улуттар декабрда жана мартта Иран боюнча эки атайын резолюция кабыл алып, Тегеранга каршы чектөө да жарыялаган. 23-майда болсо Элбарадеи Бириккен Улуттарга Иран боюнча дагы бир отчет тапшырган жана уюм азыр үчүнчү резолюция даярдап жатат.

АКШнын Өзөктүк агенттиктеги өкүлү Грегори Шултенин айтымында, Иран жетекчилигинин жоруктары таптакыр жоопкерсиз: "Өзөктүк агенттигинин жетекчилигинин ар бир жыйыны алдында Иран убада кылып, Агенттик менен кызматташабыз деп айтат. Андай убадаларды биз ар бир жыйында угабыз, бирок жыйын өткөндөн кийин эч нерсе жасалбайт. Алар убада жасагандан чыныгы кызматташууга өтсө жакшы болоор эле, андай кызматташуунун башталышы эле зор кадам болмок, бирок андан кийинки кадам - тынчсыздануу жараткан уран байытуу иштери токтотулууга тийиш", - дейт америкалык элчи.

АКШ жетекчилиги Иран маселесин дипломатиялык ыкмалар менен чечүүгө аракеттенгенин айтат, бирок күч колдонуу да мүмкүн экенин жоктон чыгарбайт. Иран болсо анын өзөктүк изилдөөлөрү эч кандай аскерий максатты көздөбөйт деп өз аракеттерин уланткандыктан, маселе улам татаалданып баратат. Кошуна Ирактагы согушкерлерге жардам Ирандан келип жатат деген маалыматтар көбөйгөндүктөн болсо АКШ сенатору Джо Либерман жакында - Иранга аскерий сокку да урса болот деп билдирди.

XS
SM
MD
LG