Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:36

БИШКЕК-ТОРУГАРТ ЖОЛУНУН ТАШЫН ТАЛКАН КЫЛГАНДАР


Кыргыз өкмөтү Нарын жана Баткен облустарындагы жолду оңдоо боюнча атайын токтом кабыл алды. Ага ылайык Бишкек-Торугарт жолун оңдоого 100 миллион сом, Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен жолуна 54 миллион сом бөлүнүүдө. Өлкөдөгү негизги стратегиялык маанилүү жолдордун бири болгон Бишкек-Торугарт жолун тез арада оңдоо маселеси көптөн бери көтөрүлүп келатат. Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына караганда Кытай, Кыргызстан, Казакстан, андан ары Орусияга карай кетчү Бишкек-Торугарт жолун толугу менен оңдоого 250 миллион АКШ доллары талап кылынат. Адистердин айтымында бул жолдун өтө тез бузулушуна Кытайга карай каттаган оор жүк ташуучу унаалар себепчи болду.

Бир катар адистер Бишкек-Торугарт жолунун ташын талкан кылгандар Кытай менен Кыргызстандын ортосунда кыйма-чийме каттап турган оор жүк ташуучу унаалар экендигин айтып келишет. Жогорку Кеңеште да бул маселе маал-маалы менен көтөрүлүп, бул жол менен каттаган оор жүк ташуучу унаалардын салмагы атайын белгиленген чектен чыкпашы керектиги тууралуу чечим чыккан. Ошентсе да ага чейин эле бузулуп, талкаланган жолду оңдоо үчүн өтө чоң суммадагы каражат талап кылынууда. Экономист Талант Кемеловдун айтымында бул жолду өз алдынча оңдоо үчүн Кыргызстандын чама чаркы чакталуу, бирок, тыштан каражат тартып болсо дагы тез арада оңдоосу керек:

- Акча тартыштыгына байланыштуу азыраак эле акча бөлүп атышыптыр. 250 миллион АКШ доллары керек болуп аткандан кийин, буга Кыргызстандын акчасы жетпейт. Эл аралык финансы институттары аркылуу бул жолду тез арада оңдоп чыгуу керек. Бишкек-Торугарт жолунун стратегиялык мааниси чоң, Евразиялык коридорлорду, Азиядан Европага болгон ташууларды бул жакка тартып, транзиттик өлкө катары Кыргызстан акча тапса болот.

Транспорт жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Кубанычбек Мамаев да бул жол стратегиялык жактан өтө маанилүү экендигин айтып, учурда министрликтин адистери бул жолдун тез арада оңодоло турчу бөлүгүн аныктоо үчүн жөнөп кетишкенин баса белгиледи:

- Бул жолдун Кытай, Кыргызстан, Казакстан жана Орусия үчүн да мааниси жогору. Сооданын, экономикабыздын өнүгүшүнө ушул жол чоң салым кошот. Ошону эске алып өкмөт 100 миллион сомго токтом чыгарып берди. Негизинен алдын ала эсептөөлөр боюнча бул жолду толук оңдоо үчүн 250 миллион доллар керек болот.

Жогорку Кеңештин Нарын районунан шайланып келген депутаты Карганбек Самаковдун ырасташынча, азыркы тапта өтө оор жүк ташыган унааларды көтөрө албай талкаланып бүткөн бул жолду толугу менен оңдоп чыгуу керек болуп турат:

- Мен өзүм Нарынга барып келген сайын жүрөгүм ооруйт. Жолдун баарынын мээси чыгып, талкаланып калган. Муну мурда үчүнчү категориядагы стратегиялык багыттагы жол деп коюшчу. Жеңилирээк гана унааларга ылайыкталган. Ошол себептүү өтө оор унааларды көтөрө албайт. Андыктан бардыгын алмаштырып, чыгынып туруп эл аралык стандарттагы жолду сала башташыбыз керек. Чампалап жамап-жаскай бергенден эч нерсе өзгөрбөйт.

Ошондой эле ал өткөн жылы оор жүк ташуучу унаалардын салмагына чек коюлганын, белгиленген өлчөмдөн ашкандары айып пул төлөп жатышканын айтты:

- Биз өткөн жылы мыйзам кабыл алып, Торугарттан бери түшө бергенде таразаларды орнотуп, жүк ташуучу унаалардын салмагына чек койдук. Бул туура кадам болгон. Бардык мамлекеттерде ушундай.

Жапон өкмөтү жакында эле Бишкек-Торугарт жолу үчүн беш жарым миллион долларга техникалык жардам берүүгө маакул болду. Жалпысынан техниканын 23 түрү, жалпы саны 62 даана техникалык транспорттор алынып келинмекчи. Ошондой эле бул жардамдын ичине 1 асфальт заводу, 1 ташты майдалоочу завод да бар. Алдын ала маалыматтарга ылайык бул заводдор Кочкор районуна курулмакчы.

XS
SM
MD
LG