Бул тууралуу депутат бүгүн комитет жыйынынан кийин билдирди. Ташиев билдирүүсүндө “Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы катары Казакстанга жасаган сапары учурунда олигарх Машкевичтен 20 миң долларлык кымбат саат алган” деген маалыматын кайталады. Өз коллегасынын мындай сөзүн калп деген Текебаев, саат алганын сотто далилдеп берүүнү Ташиевден талап кылаарын билдирүүдө. Ташиев өз кезегинде Текебаевдин мындай ниетин кубаттап, мындай шартта “Марат Султанов башында турган парламенттик делегация жакында Казакстанга жасаган учурунда Камбарата ГЭСтерин казактарга сатып жиберди” деген сөзүн Текебаев да сотто далилдөөгө тийиш, деп белгиледи. (AiT)