Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:20

17:50 Аксы районунда айыл чарба министринин катышуусунда жыйын өттү


ЖАЛАЛАБАТ. Жыйында айыл чарба тармагына тиешелүү маселелер көтөрүлдү. Жергиликтүү жетекчилер менен жолугушкан айыл жана суу чарба министри Сооронбай Жээнбеков райондогу “Актерек” жана “Иринжит” каналдарын баштоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Райондун эгин талааларындагы насос станцияларын казыналык каржылоого алуу жана суу чарба кызматкерлеринин эмгек акыларын көбөйтүү тууралу суроо-талаптар түштү. Мындай маалымат Аксы райондук мамлекеттик бийлигинин аппарат башчысы Жыргалбек Шакиевден алынды. Чогулушка бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирбей калышкан. Алардын белгилешинче, аталган каналдар курулуп бүтүп, суу менен камсыз болсо, миңдеген гектар аянттар өздөштүрүлүп, дыйканчылыкты өркүндөтүүгө өбөлгө түзүлмөк. Каналдарды куруу маселеси 2000-жылдан бери көтөрүлүп келатат. (YA)

XS
SM
MD
LG