Парламенттин Отун-суу, энергетика комплекси, суу ресурстары боюнча комитет төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн эки күн ичинде даярдап келген токтом долбооруна ичи чыкпаганын жашырган жок. Анын айтуусунда, өкмөт кайсы депутат тарабынан кандай сунуш айтылган, аны өкмөт кабыл алганын же албаганын так көрсөткөн салыштырмалуу таблицасы, түшүнүктүү жазылган токтом долбоорун көтөрө келиши зарыл болчу.
- Өкмөт эч кандай документ даярдап келген жок. Үч кагаз жазып келишкен. Ал кагазда биздин депутаттардын эч кандай сунуштары жок. Алар өздөрүнө ылайыктап үч кагазды даярдап келишкен. Расмий түрдө салыштырмалуу таблица даярдап, ар бир депутаттын атын жазып, ар бир депутаттын сунушу менен пикирин жазып, ал кабыл алынганын же четке кагылганын көрсөтүп, баарын даярдап, анан бизге сунуш менен келиши керек эле.
Депутаттардан 39 сунуш түшкөнү комитет жыйынында маалымдалды. Комитет мүчөлөрү кайсы депутаттан кандай сунуш түшкөнү, анын кабыл алынганы же четке кагылганы так көрсөтүлгөн салыштырмалуу таблица түзүп келишкен. Парламент жыйынынан соң өкмөт аппаратынын жетекчиси баш болуп, адистер, эксперттер депутаттар тарабынан айтылган пикир-сунуштардын текши баарын кылдат карап чыгып, аларды жалпылап токтом долбоорун жазып келишкенин Энергетика, отун-суу ресурстары жана өнөр жай министри Игорь Чудинов маалымдады. Анын ырасташынча, депутаттардын пикир-сунуштарын четке кагууга өкмөттүн укугу жок.
- Кечиресиз, менде Жогорку Кеңеш депутатынын сунушун четке кага турган укук жок. Аны палата гана добуш берүү менен чече алат. Мага болсо комитетке кайсы депутаттын сунушуна макул, кайсынысына каршы экенибизди билдирген салыштырма таблицаны алып келүүнү тапшырып жатышат. Мен өкмөттүн көз карашын алып келдим. Депутаттын сунушун мен четке кага албайм, анан эмне жөнүндө кеп болуп жатат, мен ушуну түшүнбөй турам,- дейт И.Чудинов.
Министр комитет мүчөлөрү менен токтом долбоорун даярдоо боюнча биргелешип иштей турушкандыктарын ырастады. Өкмөт инвестициялык сунуштарды карай турган комиссия түзүүнү көздөөдө. Ага парламент мүчөлөрүнөн да кирет. Комиссия ишинин натыйжасы кандай болгону Жогорку Кеңеште каралат. Бирок да өкмөттүн андай комиссия түзүшүнө парламенттин комитети каршы.
- Бардыгын өкмөт дайындаган комиссия аныктайт деп жатат. А биз сүйлөшпөдүк беле. Анын баары Жогорку Кеңеш аркылуу өтөт, айтып коюңузчу ушуну,- деп айтты К.Ташиев өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып.
Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Мырза Кулматов бардык депутаттардын сунушун карап чыгып өкмөт токтом долбоору боюнча өз вариантын даярдаганын билдирди.
- Бул акыркы вариант эмес, комитетте, парламентте каралып, өзгөртүлөт.
Парламент комитети маселе өкмөт тарабынан жакшы иштелбегендигин белгилеп, ишти кароону кийинки күнгө жылдырды. Өкмөт өкүлдөрү болсо депутаттардын пикир-сунуштарын толук эске алганын, тек алардын жүйөөсүн комитет мүчөлөрү укпай койгондугун айтышууда.
Журналисттер алдында комитет төрагасы Камчыбек Ташиев кесиптеши Өмүрбек Текебаевдин аны сотко берүү жөнүндөгү билдирүүсүн уккандыгын, андан чочулабастыгын, Ө.Текебаев спикер кезинде Казакстанга делегация жетектеп барганда ал жердеги ири ишкер В.Машкевичтен 20 миң долларлык кымбатбаа белек алганы парламент жыйынында ага чейин айтылганын билдирди.
- Астанага барышканда В.Машкевичтен 20 миң долларлык кымбат белек алышкан. Муну мага чейин эле айтышкан. Мен аны кайталап койдум.