Бул жолку сот жараянында 2002-жылдагы Аксы окуясында «Тайфун» операциясынын киргизилиши жана адамдарга курал колдонуунун мыйзамдуулугун аныктоо маселеси каралмакчы. Сот бул ишти Аксы окуясын кайрадан иликтеп баштаган башкы прокуратуранын өтүнүчүнөн улам кароодо. Башкы прокуратура учурда бул иш боюнча ошол кездеги бир нече мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш ишин козгоду. Аксы аламаатында жабыр тарткандардын адвокаты Сартбай Жайчыбековдун айтымында, Жогорку Сот 2005-жылы Аксы окуясы боюнча ишти карап, бирок эч кимди жоопкерчиликке тарткан эмес. (SM)