Мамлекеттин тышкы карызын мындар ары көбөйтпөө, карызды жеңилдетүү максатында кабыл алынган бул документте бир нече иш-чаралар каралган. Ага ылайык, каржы министрлиги , тышкы иштер, экономиканы өнүктүрүү жана соода министрликтери, Улуттук банк өлкөнүн тышкы карызын реструктуризациялоо боюнча насыя берген тараптар менен карызды жоюунун мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Өкмөт аппаратынын финасы-экономикалык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жетиген Бакировдун айтымында, документте каралган планды аткарууну көзөмөлдөө максатында, жооптуу министрликтер ар үч ай сайын каржы министрлигине отчет берип турат:
- Ал эми каржы министрлиги ар үч айыдын 20сына чейин өкмөткө отчет берип турушу керек. Албетте, биз аны анализдеп, кандайдыр бир кемичиликтер, формалдуулук мүнөздөгү маселелер болсо аны өкмөттүн жыйынынын деңгээлинде талкууга алып чыгабыз.
Токтомдо каралган эрежелер боюнча, мамлекеттин кепилдиги менен насыя алууга, алынып жаткан насыянын 45 пайыздан кем эмеси грант түрүндө болмюнча насыя алууга тыюу салынды. Ошондой эле жеңилдетилген гана наясыларды алууга уруксат. Жетиген Бакиров токтомдогу мындай чараларды туура деп эсептейт. Анткени, дейт ал, Кыргызстан мындан ары өсүп өнүгүүсү үчүн өзнүн ички ресурстары жетиштүү болуп калды.
Ал эми экономист Айылчы Сарыбаев, токтомдо жазылган мындай чаралар өкмөттүн экономикалык жактан билимиздигин көрсөтүп турат, дейт:
- Бул жерде мамлекет кепилдик берсе эч нерсе болбойт.. Эгерде бизге келген каражат нормалдуу иштеп, бардыгы ачык болуп тышкы карызды жоюуга жардамын берсе мамлекет буга эч качан каршы болбошу керек. Анан өзүнө өзү ишенбеген өкмөт, коррупциясы жое албаганына көзү жеткен өкмөт коррупцияны алдын ала пландаштырып жатат.
Айылчы Сарыбаев токтом аркылуу өкмөт элге жөн гана тышкы карыздарды жеңилдетүү аракетин көрүп аткандай түр көрсөтүүдө деген ойдо:
Бул токтомдун озү деле популисттик токтом. Ушундай токтомду кабыл алсак эле, биз мамлекет үчүн иштеп жатабыз деп түр көрсөткөнгө аракет кылышууда.
Анткен менен экономисттин мындай сын көз карашына Жетиген Бакиров карамандай каршы экенин билдирди:
- Албетте бул тышкы карызды алганда карапайым калктын эч күнөөсү жок. Бирок улуттук кызкчылыкты эске алып, салым кошом десе, эмне үчүн муну популисттик чара деп айтууга болот. Туура эмес да. Муну деген туура иштеп, ачык системаны киргизип, бардыгы айкын болуп турса жыйынтыгы жаман болбойт.
Учурда өлкөнүн мойнундагы карызы- 2 миллиард доллардын тегерегин түзөрүн айтышууда. Кыргыз бийлигинин эл аралык донорлордун ХИПК программасы аркылуу өлкөнүн тышкы карызын жеңилдетүү аракети кеңири коомчулуктун каршылыгына туушуккан соң, ырасмий бийлик бул программага кирүүдөн баш тарткан. Эгерде Кыргызстан ХИПКе кирген болсо, анда тышкы карыздын жарымынан көбү жоюлмак.
Буга чейин премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Кыргызстандын тышкы карызын жоюу үчүн Улуттук банкта элдик эсеп ачылган. Эсепке бүгүнкү күндө баш аягы канча каражат түшкөнү боюнча расмий тараптан маалымат ала алган жокпуз.
Ошентип, тышкы карыздан кутулуу үчүн Акүй карапайым калктан акча чогултмай болду. Бирок көпчүлүк чөнтөгүндөгү тыйынын жабыла тапшыраары албетте, күмөндүү иш. Ошентсе да белгилүү ишкер Жумабек Токтогазиев бул эсеп ачыла электе эле тышкы карызды жабууга бир миллион сомун салып, көпчүлүккө өрнөк болгон.
Бул өкмөттүн тышкы карызды жоюу боюнча алгачкы кадамдарынын бири. Ал эми талаштуу пикирлерди туудуруп аткан бул документ кандай ишке ашат жана андан жыйынтык чыгабы, аны аны убакыт гана көрсөтөт.