Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

АКШ: ИРАН ИЙКЕМДҮҮ БОЛБОСО ЖАҢЫ САНКЦИЯЛАРГА КАБЫЛАТ


Иран эгер өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө кайтпаса, алдыдагы апталарда жаңы жана катаал санкцияларга кабылышы мүмкүн. Мындай эскертүүнү Кошмо Штаттар жасады. Вашингтон ага катар Иранды дүйнөнүн каржы систамасынан обочолонтуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин айрым өңүттөрүн да ачыктады.

БУУнун Копсуздук кеңеши былтыр декабрдан бери Иранга эки ирээт санкция киргизген эле. Бирок, Коопсуздук кеңешинде вето салуу укугуна ээ Орусия менен Кытайдын колдоосун алуу үчүн аларда салыштырмалуу жумшак чаралар каралган. Коопсуздук кеңеши ал резолюцияларында Ирандан уран байытууну талап кылды. Бирок, Иран эки ирээт тең берилген мөөнөттүн аралыгында бул талаптарга моюн сунган жок. Уран байытууну токтопосун Иран бийлигинин ар кандай деңгээлдеги өкүлдөрү такай айтып келүүдө. Муну президент Махмуд Ахамадинеджад ушул шаршемби күнкү митингде да ырастады:

- Иран калкы силердин резолюцияларга кымындай да маани бербейт.

Иранга каршы ыктымал санкциялардын үчүнчү топтому учурда БУУда талкууланып жатат жана алар мурдагыдан катаал жана өлкөнүн мунай тармагына байланыштуу чараларды камтышы мүмкүн. АКШ Мамлекеттик катчысынын орун басары Николас Бернс ушул аптада Парижден кабарчыларга билдиргенине караганда, санкциялар боюнча жаңы резолюция алдыдагы апталарда даяр болуш керек. Америкалык жогорку даражалуу дипломаттын айтымында, Иран уран байытууну токтотпогон шартта Улуттар уюмунун алкагында жана андан башка да санкцияларга кириптер болоруна бөркүндөй ишенгени оң. Эгер өзөктүк программасы боюнча эл аралык колдоого ээбиз деген ишенимде турса, чоң жаңылыштык кетирген болот.

Айткандай эле Кошмо Штаттар Иранга каршы санциялар боюнча Улуттар уюмунан сырткары, өз алдынча жүргүзүп жаткан аракеттер Ирандын каржы тармагына кесепеттерин тийгизе баштагандай.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон МакКормак ушул аптада Вашингтондогу пресс-конференциясында АКШнын каржы мекемесинин өкүлдөрү Иран менен алакасын токтотуу максатында 40тай эл аралык банк менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын маалымдады. МакКормак мисалга Ирандын эң ири банкы – "Сепах" кириптер болгон жагдайды келтирди:

- Бул миллиардаган доллар активи бар институт. Бирок ал эл аралык каржы системасынада мындан ары эч кандай иш жүргүзө албайт.

Дагы бир мисал Германия өкмөтүнүн Иранга карата экспорттук кредиттерин 40%га кыскартуусу. Ал АКШны, Европанын башка өлкөлөрүн жана Жапонияны мына ушундай ыкманы колдонууга чакырууда.

АКШнын каржылык санкциясы иш жүзүнө аша баштаганын Ирандын ишкерлери да ырасташууда. "Ассошейтед пресс" агенттиги Ирандын Дубайда жайгашкан Ишкер кеңешинин вице-президенти Нассер Хашимпурдун сөздөрүн келтирет. Анын айтымында, Ирандын кредиттер боюнча каттарын эч ким кабыл албай калды. Мындай жагдай ирандык ишкерлерди чет элдик банктар менен алака түзүү үчүн өлкөдөн кетүүгө мажбурлоодо. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон МакКормак санкциялардын таасири дагы күчөөрүн белгилейт:

- Иран азыркы режим үчүн эл аралык каржы системасы менен нормалдуу мамиле түзүү өтө кыйын болгон абалга жакында туш болот. "Сепах" банкынын мисалы көргөзгөндөй, бул азыр эле жакшы эмес. Жагдай бара –бара алар үчүн кыйындай берет жана мунун реалдуу кесепеттери, каржылык таасири бар.

Вашингтон ошондой эле Royal Dutch/Shell өңдүү эл аралык ири энергетикалык компанияларга, эгер алар Иранда мунай –газга байланышкан чоң долбоорлорго катышса, айыпка кириптер болорун да эскертүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG