Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

АКҮЙДӨГҮ КАГАЗ ЖООКЕР КИМ?


«Де-факто» гезитиндеги суроо-жообунда депутат К.Байболов акыркы кездери Ф.Кулов козгоп аткан конфедерация маселесине токтолуп, 2 миллиард доллар карызы бар бечара Кыргызстандын орустарга да, казактарга да кереги жоктугун, ырасмий бийлик буга азырынча ак же көк деп жооп ката электигин, митинг менен пикеттер эми эч кандай натыйжаларды бербей калгандыгын, Атамбаев менен Бакиев түзгөн 2-тандемдин максаты башынан эле өлкөдө реформа жүргүзүү эмес, «чү» дегенде эле оппозициянын далысына бычак сайуу, аны ажаратып жикке бөлүү болгонун, Атамбаев азыр кагаз жоокерге айланып жалгыз калганын, өзгөртөм деп барып, эчнерсени өзгөртө алба кыйын абалда турганын, бийлик болсо бүт органдарды ашкере саясатташтырып, кандай да болбосун бийликте узагыраак олтуруу амалын көздөп жатканын, экинчиден, ал криминалдык же жарым криминалдык күчтөргө муктаж болуп, ошолордун барымтасында калганын, үчүнчүдөн бийлигин кандай болбосун чыңдаш үчүн кыргыз элинин эң сыйлуу, эң аялуу, эң талуу маселеси болгон жердешчилдик аң-сезимди козгоп жатканын, азыркы күндө өлкөдө алдым-жуттумдук деген зөөкүр мыйзамды уруп койбой тайраңдап төрдө олтурганын баяндаган. Гезит мындан тышкары 2002-жылда Аксыдагы кан төгүүгө байланыштуу өлкөнүн ошо кездеги президенти А.Акаев өткөргөн коопсуздук кеңешинин стенограммасынан үзүндүнү, премьер-министр А.Атамбаевдин ууланышына байланыштуу үч божомолду, буга карата коомдук ишмер А.Муралиевдин оюн жарыя кылды. Ошондой эле гезит кабарчысы Сүйүн Курманованын Талас жергесине барып кайткан сапарында жазган макаласында алды-арты ызы-чуу болуп жаткан Жерүй, Андаш алтын кендеринен тышкары дагы өрөөндүн 36 жеринде ушундай кен байлыктары бар экенин, анын 18не элден жашырылып лицензия берилгендиги туурасында сөз болгон.

«Лица» гезити Майлуу Суулуктардын акыркы үмүтү Алмаз Атамбаевде калганын, анткени 2002-жылдын 30-декабрында электр лампаларын чыгарып турган бул заводду орус ишкери Виктор Столповских дегенге сатып жиберишкенин, заводду ал 3 миллион 200 миң АКШ долларына сатып алганын, ошол эле кезде казактар 3 миллион 855 миң доллар сунуш кылуу менен 26,5 миллион доллар инвестиция салалы, экспорту жыл сайын 10 пайызга көтөрүп туралы дегенин, бирок ага макул болушпай… аягында барып-келип эле орус көпөсүнүн пайдасына чечилгенин, В.Столповских мырза Ельциндин үйбүлөсү менен жакын мамиледе болгондугун, кийин В.Черномырдинге жардамчы боло калып миллиондогон долларларды ошонун «короосун» көздөй айдап келип турганын, Ельциндин кызы Таьяна Дьяченконун менчик үлүшүндө анын да аты катталып жүргөнүн, Майлуу Суу заводун сатуу амалында Акаев үйбүлөсүнүн да катышы бар экендигин… жана дагы биз билбеген көп сырларын кенен жазды.

«Президент бийлигин сактап калуу үчүн Түндүк-Түштүк картасын ойноодо». «Айкын» гезити аркылуу ушундай деп айткан экс-депутат Махмуд Күчүков, Аксы окуясына Акаев да, Бакиев да бирдей күнөөлүү экендигин, ал эми Кумтөрдүн башкы күнөөкөрү Акаев болорун, учурунда тажиктер жер талашкан кезде И.Раззаков чегарага кыргыз айылдарын салдырып жиберип кыргыз жерин сактап калганын, А.Масалиев да таза иштегенин, анан Акаев келери менен Кемин, Талас, Чүй боло баштаганыбызды, азыр деле Бакиевдин жанында Садыркулов, Рустанбеков, Сыдыков, Сатыбалдиев, Гаипкулов өңдүү Акаевдин кишилери олтурганын, азыркы парламенттеги депутаттардын 37си Акаевдин жеке тизмеси менен шайланып келгендер экенин белгилөө менен ошон үчүн Кыргызстанда жылыш болбой жатат деп бүтүм чыгарат.
XS
SM
MD
LG