Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

11:35 Жогорку Сот Аксы окуясы боюнча ишти кароону 28-июнга которуп койду


Сот мындай чечимди ишти кароого жаңы судья Курманбек Жороевдин тартылганын, анын иш менен таанышуусу үчүн убакыт керектиги менен түшүндүрдү. Ошондой эле Башкы прокуратурада Жогорку Кеңештин депутаты, 2002-жылдагы Жалалабад облусунун губернатору Султан Урманаевге каршы кылмыш иши козголуп, ошол кездеги президенттик администрациясынын жетекчиси Аманбек Карыпкулов шектелип, суракка чакырылып жатканы менен да байланыштырды. Бирок сотко чакырылган жабыркаган аксылыктар сот залынан чыгуудан баш тартып, ишти дароо карай баштоону талап кылышууда. Сот залында учурда 50 чукул киши отурат. Алардын 26 Аксы окуясында жабырлангандар. (AiT)

XS
SM
MD
LG