Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:41

11:50 Кыргызстан экономикасында кырдаал жакшы жана ал дурус өсүүдө

Мындай пикирди президент Курманбек Бакиев өзүнүн экономикалык кеңешчиси Тетсужи Танака менен 13-июнда жолугушууда билдирген. Президенттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын беш айында Ички дүң продукты 9.3%, Кумтөрдү кошпогондо 11.5% өскөн. Ал эми инфляция 3.7% болгон. Экономикадагы бул көрүнүш акыркы эки жылдагы аракеттин натыйжасы экенин белгилеген президент, эгерде парламент экономикалык багыттагы мыйзамдарды кабыл алса, анда өсүш дагы өр алат деген ишенимин билдирген. Өз кезегинде Танака мырза жаңы бийликтин эки жылдагы ишине канааттануу билдирип, экономиканын өсүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин билдирген. Ал ошондой эле кыргыз-япон өкмөт аралык кызматташуу комитетинин ишин күчөтүүгө аракеттенерин ачыктаган. (AiT)
XS
SM
MD
LG