Бул тууралуу мамлекет башчысы вице премьер-министр Досбол Нур уулу бүгүн кабыл алууда билдирген. Мамлекет башчысы экономикалык багыттагы мыйзамдар парламентте каралып жаткан учурда каржы, транспорт жана коммуникация министрлеринин сапарда жүргөнүнө нааразылык билдирип, парламенттин ишинин аяктоосуна эки жума калган чакта өкмөт парламент менен тыгыз иштеп, экономикалык мыйзамдардын маани-маңызын түшүндүрүүгө тийиш, деп белгилеген. Досбол Нур уулу парламент жума күнү Камбарата ГЭСтерине байланыштуу мыйзамга добуш берерин маалымдаган. Ал ошондой эле жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, мугалимдердин эс алууга кетер алдындагы маянасын өз убагында алаарын билдирген. (AiT)