Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова бүгүн билдирди. Анын маалыматы боюнча, Сокулук райондук ооруканасында үч, Бишкектеги ооруканаларда төрт киши дарыланууда. Бейшемби күнү кечке жуук Новопавловака айылында “Алмаз” кафесинен шишкебек жеген он киши ууланып, алардын үчөөсү каза тапкан. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин маалымдоосуна караганда, адамдардын эмнеден уулангандыгы учурда текшерилүүдө. Анын жыйынтыгы чыга элек. (AiT)