Бул тууралуу Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Аксы окуясы боюнча ачылган жаңы жагдай катары “Тайфун” операциясын киргизүүнүн убакты жана шарты аталууда. Башкы прокурордун маалыматы боюнча, Ички иштер министрлигинин Жалалабад облустук башкармалыгынын ошол кездеги башчысы К. Токобаев 2002-жыл 17-март саат экиден баштап “Тайфун” операциясын киргизүү тууралуу буйрукту төрт саат өткөндөн кийин саат алтыда чыгарган. Башкача айтканда, “Тайфун” операциясы киргизилбей туруп, ички иштер кызматкерлерине курал жарак берилип, алар тарабынан демонстранттарга ок атылган. Окуя болуп өткөндөн кийин “Тайфун” операциясын киргизилгендиги жөнүндө буйрук чыгарылган. Учурда бул операцияны киргизүүнүн жагдайлары тергелүүдө, деп белгиледи Башкы прокурор. (AiT)
17: 22 Башкы прокуратура Аксы окуясы боюнча президент Курманбек Бакиевди көрсөтмө берүүгө чакырбайт