Бул тууралуу Башкы прокурор Элмурза Сатыбалидев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ал Урманаев менен жолугушууда Аксы окуясы боюнча ар кандай түкшүмөлдөргө чек коюу үчүн сотко келип, өзүнүн актыгын далилдөөгө депутатты чакырды. Башкы прокуратура Султан Урманаевден депутаттык кол тийбестикти алуу сунушун парламентке жолдогон. Өз кезегинде төрага Марат Султанов бул маселе боюнча парламенттик комиссия түзүлөөрүн билдирүүдө. (AiT)
17:32 Башкы прокурор кылмыш иши козголгон Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаев менен жолугушту