НАРЫН. Мындай маалымат Нарын облусунун губернатору Жыргалбек Азыловдон алынды. Анын өтүнүчү, премьер-министрдин тапшырмасы менен Нарынга транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов, КР мамлекеттик бажы комитетинин башчысы Нурлан Акматов келип, кечээ кечке чейин Атбашы районундагы Торугарт жолун, бажыканасын көрүп келишти. Натыйжада аталган жол аркылуу жалпы салмагы 55 тоннадан ашпаган автоунаа өтпөшү керектиги боюнча чечим болуп, июнь айынын аралыгында машина ченөөчү тараза мурдагыдай Нарынга эмес, Атбашыга коюлмай болду. Салмагы 55 тоннадан ашып кеткен автоунаалар артка кайтарылат. Мындан сырткары өкмөт Бишкек-Торугарт жолун жакшы абалда кармап туруу үчүн кошумча 100 млн. сом бөлдү. Бирок айрым Нарындын жашоочулары тараза бузук экенин, буга чейинки өкмөт башчылары далай чектөөлөрдү киргизип келишкендиктерин, бирок автоунаалар дагы эле өтүп жаткандыгын белгилешүүдө.(JI)
18:30 Бишкек-Торугарт жолу аркылуу мындан ары 55 тоннадан ашык жүк жүктөгөн автоунаалар каттабайт