Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

СОКУЛУКТУН ҮЧ ТУРГУНУ УУЛАНУУДАН КАЗА ТАПТЫ


Жазгул Жамангулова, Чүй Кечээ түнү Сокулук районунун үч тургуну кафеден сатылып алынган тамак- аштан ууланып каза тапты. Ууланган ондон ашык адамдын дээрлик көбү учурда оорканада жатат. Алардын арасында наристелер да бар. Бирок уулануунун себептери азырынча тактала элек.

Бул окуя кечээ саат жетилер чамасында Сокулук районундагы “Алмаз” жайкы кафесинде болгон. Новопавловка айылынын жергиликтүү тургуну Расул Гафуров, кафеден сатып алган тоок этинен жасалган он даана шишкебекти Красная речка айылындагы жакын туугандарына берип жиберет. Шишкебекти кеминде он чакты адам өз үйлөрүндө жешип, бир жарым, эки сааттан кийин абалдары начарлай баштаган. Ошондон көп өтпөй Сокулук районунун аймактык ооруканасына тамак-аштан ууланган адамдардын тобу келип түшүп, алардын бирөө ооруканада, экөө болсо ооруканага жетпей каза болгон. Каза болгондордун улуусу кырк сегиз жашта, калган экөө он сегиз жана жыйырма жаштагылар. Ал эми уулангандардын калгандары ооруканаларда жатышат, алардын бири Салим Байрапов окуяга мындайча токтолду:

- Шишкебек алдыма келгенде эле мен аны кандайдыр башкача экенин байкагам, аны ооз тийип жатканымда желимдей колума жабышып жатты. Мен аны ооз тийдим. Аңгыча шишкебектерди жегендердин баарынын тамактары кычышып, кыйкыра башташты. Маселен, менин тилим дагы бир кызыктай болуп, жансызданып баштады. Суу ичтим. Алгач башым, анан денемдин бир жак капталы жансыз боло баштады. Анан ооруканага жөнөдүк. Орто жолдон кошунамдын баласы, анан менин тууганым каза болуп калды. Мен азыр бул жактаа жатам. Айылда болсо өлүк коюлуп жатса керек.

Жогоруда маалымдагандай учурда уулангандардын үчөө райондук ооруканада, калгандары Бишкектеги ооруканаларга жаткырылды. Алардын абалын билүү үчүн райондук ооруканага кайрылганыбызда, Сокулук райондук оорукананын дарыгери Шаршебүбү Куттубаева буларды айтты:

- Алгач келгенде баарынын тең абалы өтө оор болчу. Экөө бизге жеткенче эле каза болду деп айтылды. Бирөө ооруканага келгенден кийин он беш мүнөттөн кийин каза болуп калды. Дарылоо жүрүп жатат. Калган үчөө бүгүн тилге келип, сүйлөп, абалы жакшырды десек болот.

Учурда уулануунун себептери такталып, териштирилип жатат. Бул туурасында Дарылоо жана профилактикалык жардам башкармалыгынын башчысы Токтогазы Куттукеев мындай дейт:

- Териштирүүнүн жыйынтыгы жакынкы эки-үч күндө билинип калат. Азыр күнөө кафенин ашпозчуларындабы же өздөрү үйдөн бир нерсеге чалдыкканбы толук териштирип чыгабыз. Ички иштер кызматкерлери да өздөрүнүн ишин жүргүзүп жатат.

Учурда аталган окуяга тиешеси бар делген “Алмаз” кафеси жабык. Жергиликтүү тургундар кафенин былтыркы күздөн бери иштеп жаткандыгын айтышты. Бул жерде негизинен пиво жана шишкебек сатылчу. Азырынча уулануунун башкы себеби санитардык тазалыктын сакталбагандыгынан келип чыгууда деп болжолдонууда. Сокулук райондук прокуратурасы бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG