Өткөөл деп эсептелген 29 мурдагы советтик жана Чыгыш Европалык жумурияттардагы абал боюнча "Фриидом хаус" 1996-жылдан бери отчет чыгарат: "Бул отчет 12 жылдан бери чыгарылып келатат жана мынчалык узак мөөнөттү караганда, демократия боюнча бул өлкөлөр арасында терең ажырым бар экени байкалууда, алардын айрымдары демократия тарапка өнүгүп баратса, башкалары авторитаризмге батты. Авторитардык болуп бараткан өлкөлөрдүн арасында Орусия, Борбор Азия жумурияттарын жана Азербайжанды атаса болот", - дейт отчеттун редактору Жанетт Гөринг.
Жалпы демократиянын абалы отчеттордо - эркин маалымат каражаттарынын өнүгүшү же жарандык коомдун абалы сыяктуу тармактар боюнча бааланат. Мурдагыдай эле, ар бир жумуриятка ар бир тармактагы абал боюнча жаза упайлары берилген.
Борбор Азиядагы абал канчалык начар экенин - ар бир тармак боюнча алар тизменин эң аягына коюлганы көрсөтөт: "Борбор Азиялык өлкөлөр өнүгүүдө тыгылып калды, алдыга былтыр эч жылыш болгон жок. Эң репрессивдүү мамлекеттер болгондуктан, алар тизменин эң түбүндө, ошондуктан абал ого бетер начар. Биздин изилдөө көрсөткөндөй, жагдай Өзбекстан менен Түркмөнстанда эң начар",- дейт Гөринг.
Эң төмөн баа - жети, демократиянын жалпы абалы боюнча Түркмөнстан 6,96, ал эми Өзбекстан 6,82 упай алган. Тажикстан менен Казакстандагы абал андан жакшыраак - 6,39 жана 5,96; Кыргызстан болсо жамандардын арасында эң жакшы, ага быйыл 5,68 упай берилген. Салыштырыш үчүн эң алдыңкы мамлекеттерди караш керек: Словенияныкы 1,82; Эстонияныкы 1,96; Словакияныкы 2,14 упай.
Жалпысынан алганда Азербайжан, Казакстан, Беларус, Өзбекстан жана Түркмөнстан авторитардык режимдердин тобуна кирген, ал эми Армения, Косово, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан жарым авторитардык деп мүнөздөлгөн.
Жарандык коомдун өнүгүүсү, эркин маалымат каражаттары, шайлоонун эркиндиги, жалпы жана жергиликтүү башкаруучулук, коорупциянын коомго тараганы боюнча дагы Кыргызстан беш Борбор Азия жумуриятынын ичинен алдыда, бирок анын бардык тармактардагы баалары - орто деңгээл баадан төмөн.
Отчетто айтылгандай, Кыргызстандагы абалды 2006-жылы оңдоого аракеттенгендин ордуна өлкөнүн бийлиги өзү аман калуунун жолдорун издөө менен алпурушту. Ноябрда кабыл алынган конституция алып келген жетишкендиктер кайра артка жандырылды, парламенттеги бош орундарга өткөрүлгөн кошумча шайлоолор мыйзам бузуулар менен коштолду, коррупцияга каршы күрөш дагы орчундуу жетишкендиктерди алып келген жок.
Казакстандагы жалпы экономикалык абал салыштырмалуу жакшы болгону менен, анын үзүрүн ченелүү топ гана көрүп жатат, бардык бийлик болсо президенттин колунда топтолууда, - деп айтылат отчетто. Калган үч жумурияттын ичинен Тажикстандагы абал салыштырмалуу жеңилирээк, Өзбекстан менен Түркмөнстандагы бийлик болсо - дүйнөдөгү эң авторитардык деңгээлде.