Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

11:10 Америка университетинин студенттери Өзбекстандагы эл аралык археологиялык экспедицияга катышат


Борбор Азиядагы Америка университетинин антропология бөлүмүнүн үч студенти жайкы каникулду Өзбекстандагы Оби-Рахмат үңкүрүндөгү жана Көл-Булак аймагында археологиялык иликтөө иштерге катышуу менен өткөрөт. Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш жериндеги Оби-Рахмат үңкүрүнөн окумуштуулар алтымыш миң жыл илгери жашаган байыркы адамдын сөөгүн табышкан. Орусия илимдер Академиясынын Cибирь бөлүмүндөгү Археология институту уюштуруп жаткан изилдөөгө Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Бельгия, Франция жана Германиядан кыркка жакын студент катышмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG