Кыргызстандын тышкы карызы азыркы мезгилге карай 1 миллиард 991 миллион доллар. Ал эми ички карыз 185 миллион доллар. Бул тууралуу каржы министрлигинин активдери жана тышкы карыздын статистикасы боюнча бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Бакыт Сыдыков бүгүн билдирди. Маалыматка караганда, министрлик тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүү боюнча чараларды иштеп чыгууда. 2045-жылга карай өлкөнүн азыркы тышкы карызы толук жоюлат, деп эсептейт Сыдыков. (AiT)