Былтыр АКШ менен Кытай ортосунда өз ара соодадагы тартыштык 233 миллиард доллар менен Кытайдын пайдасына аяктады. Америкалык адистердин пикиринде, мындай жагдайдын түзүлүүсүндөгү негизги себептердин бири – юандын наркы жасалма арзандатылып келе жаткандыгында. Төрт сенатордун демилгеси менен жакында Сенатка киргизилген мыйзам Кытай менен соода тартыштыгын жоюу багытында президент Буштан администрациясы карманган саясаттан сырткары бир катар жаңы чараларды сунуш кылат.
Маселен анда каралган чаралардын бирине ылайык, эгер америкалык компаниялар юандын наркынын арзандыгы өз ара соодада экинчи тарапка артыкчылык бергенин сезсе, Кытайдан импортолгон товарларга бажы пошлинасын киргизүү сунушу менен кайрылуусуна мүмкүндүк берилиши керек.
Экинчи бир чарага ылайык, АКШнын каржы министрлиги Дүйнөлүк Соода уюмунун алкагында кытай акчасынын наркы боюнча консультацияларды өткөрүшү абзел. Кытай боюнча британиялык аналитик Алекс Нейл Сенатка киргизилген мыйзам, Кошмо Штаттарда жумушчу орундардын жоголусуна карата тынчсыздануулардын белгиси экенин айтат:
- Кытайдын соода кубаты дүйнө боюнча таасирдүү феноменге айланууда. Бирок Конгресссте адилетсиз шартта келип чыккан соода тартыштыгы АКШнын өнөр жайына кесепетин тийгизип жатат деген тынчыздануулар бар. Муну көзөмөлдөө үчүн Конгрессте мыйзам кабыл алуу аракетин жасоо боюнча чакырыктар күчөөдө.
Ал эми АКШнын каржы министрлиги бул маселеде Кытайга карата дипломатиялык багытты көбүрөөк карманып, аны юандын наркын өз эрки менен жогорлатууга ынандыруу аракетин жасап келүүдө. Каржы министрлиги ушул аптадагы маалымдамасында юандын наркынын төмөндүгү талаш туудурбастыгы, бирок Кытай соодада артыкчылыкка жетүү үчүн муну атайлап жасап жатат деп айтуу мүмкүн эместиги көргөзүлгөн.
Ал эми Кытайдын соода министри Во Силай ушул аптада Брюсселде болгон учурунда, анын өлкөсү соода дефицитин атайлап көздөп жатат деген ырастоорлорду четке какты:
- Кытай соода балансында ири өлчөмдө артыкчылыкка ээ болууга эч качан умтулган эмес. Балким, силер билесиңер Кытайдын эл аралык валюта резерви азыр бир триллион доллардан ашты. Андыктан, Кытайдын борбордук өкмөтү соода министрлигине койгон милдеттердин бири - ири өлчөмдө соода артыкчылыгына умтулгандын ордуна, экспорт менен импорттун тең салмактуулугун орнотуу.
Кытай менен соодада түзүлгөн жагдай үчүн АКШ менен катар Евробиримдик да тынчызданып келүүдө. Былтыр өз ара соода 166 миллиард доллар менен Кытайдын пайдасына аяктаган. Евробиримдиктин соода комиссары Питер Мендельсон Кытайдын соода министри менен кезектеги сүйлөшүүлөрүн ушул аптада Брюсселде өткөрдү. Питер Мендельсондун айтымында, Кытай азыркы жагдай улана албасын түшүнгөндөй. Тараптар биргелешкен сунуштарды – Евробиримдик менен Кытайдын ноябрдагы саммитине киргизүүнү макулдашты.